«Казак хандыгы» тарыхый тасмасынын 2-чи сезону

«Казак хандыгы» тарыхый тасмасынын 2-чи сезону

Улуу талаа аймагындагы мамлекеттин түзүлүшүнөн кабар берген тарыхый тасманын жаңы сезону. Үстүбүздөгү айда “Казак хандыгы. Алтын так” сериялы көрүүчүлөргө багыт алат. Негизги тартуу иштери тарыхый мезгилдердин күбөсү Алматы облусу, түштүк аймактын жайлоосу, ыйык Түркестан жана Тараз аймактарында өттү. Тарыхый долбоордун экинчи сезону казак хандыгынын эң татаал мезгилдерин камтыйт. Аталган эмгектин режиссёру Рүстем Абдирашевдин айтымында, окуялардын желеси Жанибек менен Керейдин Шайбани урпактары менен согушу, Ак ордонун борбору Сыганактагы так үчүн талаштын айланасында өрчүйт. Ушул жана башка да тарыхый маалыматтар тууралуу он бөлүктөн турган тасмада баяндалат.

 РҮСТЕМ АБДИРАШЕВ, РЕЖИССЁР:

- Жанибек жана Керей –  чыныгы эр жүрөктүүлүктү өзүнө камтыган, казак элинин сыймыгы болгон инсандар. Алар тасманын башкы фигуралары. Бул жерде биз Касым жана Бурундук хандар жөнүндө баяндайбыз. Экинчи сезон экшн, кызык окуяларга бай жана жан дүйнөгө кубат берет. Көрүүчүлөр жогору баа берет деп ишенем.

Фото: ult.kz​