«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Анвара Садыкова

«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Анвара Садыкова

Коомдун ар тармагын санариптештирүү маалыматтык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат. Ал эми жан-дүйнөнү азыктандырууда, сергип алууда бий өнөрүнүн салымы маанилүү. Өлкөдө табигый талант менен талыкпаган эмгектин аркасында бул тармакты өнүктүрүп жүргөн адамдар арбын. Алардын бири – «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүсү Анвара Садыкова.

Ал бүгүнкү күндө Казак Улуттук хореография академиясында ага-мугалим. Анын айтымында, өнөр тармагына капысынан келип калган эмес.

АНВАРА САДЫКОВА, ХОРЕОГРАФ:

- Өз убагында Балкаш шаарына өз концертин берүү максатында бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон бийчи Махмут Исимбаев келген. Концерттен кийин апам мага гүл берип, сахнага жөнөттү. Махмут Исимбаев ыраазычылык билдирип, чекемдеп өпкөн. Апамдын айтымында, бул анын батасы болсо керек.

Анвара Садыкова классикалык, заманбап хореография жана улуттук казак бийин жогорку деңгээлде айкалыштыра алды. Аны менен бирге, казак бийин бүткүл дүйнөгө таанытып жүргөн бийчи – илимий чөйрөгө «нео-казакча хореография» терминин биринчи жолу киргизип, жаңы форматтагы казак бийин ойлоп тапкандардын бири.

ЖАСУЛАН ТИЛЕУКАБЫЛ, ШАКИРТ:

- Эң сонун мугалим. Анткени ар бир жумушунда болушунча мээримдүү болууга аракет кылат. Ал өзүнө казактын жан дүйнөсү менен акамдемиялык маданиятты айкалыштыра алган инсан.

Анвара Садыкова – улуттук бийди өз шакирттерине гана эмес, бүткүл казак окурмандарына даңазалап жүргөн мугалим. Ал ушул темада 20га жакын илимий макала менен 3 даректүү тасманын сценарийин жазган. Анын бирөө мыкты болуп, кинематография тармагындагы «Кулагер» улуттук байгесин жеңип алган.

АНВАРА САДЫКОВА, ХОРЕОГРАФ:

- Аталган тасманын негизги максаты – казак бийин жогорку деңгээлге алып чыккан адамдарды жана тарыхты көрсөтүү. Аталган инсандардын тарыхын баяндап берүү.

Улуттун төл өнөрүн жайылтууда алгылыктуу иш аткарып келе жаткан жаш мугалим бүгүнкү күндө 100дөн ашуун шакирт тарбиялап, эл аралык сынактарда жеңишке жетүүсүнө себепчи болгон. Өмүрлүк тандоосунан жаңылбай, өнөр тармагына келгениме бактылуумун, дейт Анвара.

Фото: baribar.kz