Амстердамда «Казакстан модасынын күнү» өттү

Амстердамда «Казакстан модасынын күнү» өттү

Казакстандык дизайнерлер Амстердамда өткөн Азия жана Африканын жогорку мода жумалыгында бүткүл элге өз эмгектерин көрсөтүштү. Фэшн-ивент кечелеринин бири «Казакстан модасынын күнү» деп аталат. Казак улуттук кийимин кийген Нидерландынын мыкты моделдери кобыз менен домбра үндөрүнүн коштоосу менен подиумдан өтүштү. Казак оймолору менен көчмөн элдик кийиминин байлыгын Хайролла Абишевдин «Ырдаган кум» жыйнагы ачты.

ХАЙРОЛЛА АБИШЕВ, ДИЗАЙНЕР:

- Биз жаштар жылына арналган жаңы топтомону сунуштадык. Бул жыйнакта биздин жаштардын кандай деңгээлде өнүккөнүн, кандай таланттуу экенин жана алар канчалык ачык, жаркын болорун көрсөтүүнү максат кылдым. Аны менен катар, биздин топтомодо Европа, Азия жана Африка өлкөлөрү бири-бири менен байланышып жатат, бирок биздин улуттук кийимдерибиздин ар биринде улуттук элементтер бар.

АКБОТА ТОКТАСЫНОВА, ДИЗАЙНЕР:

- Ушул топтомону биз жаштар жылына арнадык. Биздин Казакстандагы өзүбүздүн жаштар кандай кийинет, кандай мода үлгүсү аларга жагат. Дал ушул нерсени көрсөткүбүз келди. Аталган жыйнакты ушул жерде биринчи жолу көрсөткүбүз келип жатат.

«Жаз-Жай-2019» мезгилдеринин этно жыйнактары голландиялык назик жандардын арасында мыкты таасир калтырды. Казакстандын жогорку мода үлгүсүнүн өзгөчөлүгү жана уникалдуулугун чет өлкөлүк журналисттер менен белгилүү блогерлер белгилеп өтүштү.

АЙДЫН АДЖИК, ASIA–AFRICA FASHION WEEK EUROPE МҮДҮРҮ:

- Бардыгы сонун. Эң мыкты деңгээлде өттү. Жергиликтүү көрүүчүлөр маданиятыңарды жогору баалашты. Бул Нидерландыда Казакстандын атагын чыгаруунун жакшы мүмкүнчүлүгү болуп жатат.

БЛИЦ:

- Укмуш! Эң сонун таасир алдым. Өзүм Кариб аралдарынан болом, бул көрсөтүү жана дизайн Кариб үчүн да, бүткүл дүйнө үчүн да мыкты шоу болду.

- Абдан сонун! Бул салттуу, улуттук кийимиңер болгону менен өзгөчө боёктору жаркырап турат. Аны менен бирге мени 14 жаштагы жаш дизайнердин эмгектери таң калтырды! Сиздерге рахмат.

Жаш таланттуулардын арасында 14 жаштагы астаналык Вероника Иванченко бар. Ал апасы менен бирге өз эскиздери боюнча досторуна арналган спорт кийимин чыгарып жатат. Анын  олуттуу дизайнерлик чечимдери коомчулукту таң калтырган.

Белгилей кетсек, мода кийим көрсөтүүсүн Казакстан элчилиги уюштурган. “Белгисиз Казакстан» аттуу фото-көргөзмө толукталган. Ал жерде өлкөнүн табияты, кооз көрүнүштөр жана Астананын көрктүү жерлери тартылган фото-сүрөттөр коюлду.

Фото: mfa.gov.kz