Казакстандыктар алкыш айтуу майрамын белгилеп жатышат

Казакстандыктар алкыш айтуу майрамын белгилеп жатышат

Жаздын алгачкы күнүндө казакстандыктар ушуну менен 4-жолу алкыш айтуу майрамын белгилеп жатышат. Бул жарандардын бири-бирине сый көрсөтүү күнү деп Өлкө башчысы жарыялаган. Дал ушул датада улуттар достугунун алтын деңгээлине айланган Казакстан Элдеринин Ассамблеясы түзүлгөн. «Коомдук келишим» уюмунун серепчиси Камал Алпейисованын айтымында, убагында катаал саясатка туш болгон башка улуттарды пейили кенен, ниети түз, меймандос казак кучак жая тосуп алган. Тагдырдын оор сыноосуна туш болуп, сүргүнгө туш болгондор да арбын. Алар казак жеринен конуш таап, көшөгөсү казак эли менен бирге көгөрдү.

КАМАЛ АЛЬПЕИСОВА, ПРЕЗИДЕНТТИН АЛДЫНДАГЫ «КООМДУК КЕЛИШИМ» РММ АГА СЕРЕПЧИСИ:

- Бул майрамдын башкы максаты – жакшылыкты, жакшылык кылууну унутпоо, кайрымдуулук иштерине катышуу. Анткени өз убагында казак жерине депортацияланган, күч менен көчүрүлгөндөрдү казак эли кучак жая тосуп алган.

Майрамдын маанилүүлүгүн Казакстанда жашап жаткан бардык улут өкүлдөрү жогору баалап келишет. Көп улуттуу мамлекеттин биримдиги жана бир кызыкчылыкка уюй билүүсү башкаларга үлгү. Бул багытта калыптанган олуттуу саясат Казакстан элинин ар бир өкүлүнө төл тарыхын унутпай, бири-биринин маданияты менен каада-салттарын таанууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Мисалы, «Возрождение» немис коомдук биримдигинин түзүлгөнүнө отуз жылдын жүзү болду. Уюмда эне тилди үйрөнүүгө багытталган окуу курстары үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Биримдиктин жетекчиси Игорь Бергдин айтымында, борборго жумасына 500дөн ашуун адам келет.

ИГОРЬ БЕРГ, «ВОЗРОЖДЕНИЕ» НЕМИС КООМУ» КООМДУК БИРИКМЕСИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Улутум немис. Менин үй-бүлөм Казакстанга депортацияланган. Албетте ал кез эч кимге оңой болгон эмес, өздөрү ачка болсо да, жергиликтүү казак эли бизди кучак жая тосуп алып колдон келген жардамын аяган эмес. Бул үчүн терең ыраазычылык билдирем. Казакстанга көптөгөн үй-бүлө конуш которду. Алардын бардыгы ушул жердин жашоочуларына ыраазы жана карыздар экенин толук ишеним менен айта алам.