Казакстандык таланттар Американы багындырууда

Казакстандык таланттар Американы багындырууда

Казакстандык таланттар Американы багындырып жатат. Димаш Кудайберген менен Данелия Тулешова белгилүү Америкалык «The World's Best» теле-шоусунда өнөр көрсөтүшүүдө. Белгилей кетсек, сынакта Димаш белгилүү француз ырын аткарып калыстарды таң калтырды. Ырдаганда добушу обо жарып, 6 октавага чейин жеткен ырчынын өнөрүнө батыш коомчулугу таң калды. Сынакта Димаш 100 баллдан 98ине ээ болду.

Ошондой эле, 12 жаштагы Данелия Тулешова да өз таланты менен таң калтырды. Жаш ырчы белгилүү Андра Дэйдин «Rise up» ырын аткарды. Таанымал Голливуд актрисасы Дрю Берримор Данелиянын аткаруусунан алган таасирин жашыра алган жок. Сынакта Данелия добуш берүүнүн натыйжасында 96 упайга ээ болду.

ДАНЕЛИЯ ТӨЛЕШОВА:

- Димаштын да ушул сынакта өз багын сынарын жакында гана билдим. Сынактын шартына ылайык, катышуучуларга бири-бири менен жакын сүйлөшүүгө тыюу салынат. Экөөбүз бири-бирибизди көргөндө эмоциябызды жашыра алган жокпуз. Бир жагынан сынак болгондон кийин, бири-бирибиз менен жарышып, атаандаша турганыбызды билип, маанайыбыз бир аз түшүп калганын да жашырбайм.

Азыр Данелия «The World’s Best» промокомпаниясынын атайын коногу катары АКШда жашап жатат. Ал Американын белгилүү телеканалдарынын телевизиондук шоулоруна катышууда. 12 жаштагы өнөрпоз өзүнүн алдыңкы убакытка болгон пландары менен тааныштырып, жакынкы арада жеке альбомун чыгарууга кызыктар экенин айтты.

Фото: 24.kz