«Бекзат» телесериалы тартылып жатат

«Бекзат» телесериалы тартылып жатат

Сидней олимпиадасынын чемпиону Бекзат Саттарханов тууралуу көркөм тасма жакында жарыкка чыгат.

Тоо алыстаган сайын бийиктейт. Бокс боюнча олимпиада оюндарында олжолуу кайткан биринчи казак Бекзат Саттарханов ысымы да убакыт өткөн сайын даңазалана берет. Кыска гана өмүрүндө, өлкөнүн намысын коргоп, желегин желбиреткен баатыр уулдун эрдигин кийинки жаштар үлгү кылышы керек. Башкы каарманды жаш актёр Самат Азимкулов ойнойт.

САМАТ АЗИМКУЛОВ, АКТЁР:

- Бул бир адамдын өмүрү, бир адамдын тагдыры. Жалпы ушул фильм аркылуу Бекзат агабызды кайра тирилтип, артыбыздан өсүп келе жаткан жаштардын спортко болгон, бокско болгон кызыгуусун арттырсак жана жүрөктөрүнө кичине болсо да патриоттук сезимин орнотсок, бул биздин кыялыбыздын аткарылганы деп билем.

Аталган чыгарманы тартуу жумуштарын белгилүү режиссёр Мурат Бидосов колго алган. Телесериалда окуя желеси чыныгы өмүрдөн алынган. Каармандардын бардыгы – спортто белгилүү инсандар. Мисалы, ошол кездеги AIBAнын вице-президенти – Бекет Махмудов, улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Турсынгали Едилов жана белгилүү спортчулар, Сидней олимпиадасынын дагы бир чемпиону - Ермахан Ибрайымов, күмүш байгенин ээси Мухтархан Дилдабек.

МУРАТ БИДОСОВ, РЕЖИССЁР:

- Бул анын бардык өмүрү эмес, жашоосунун бир учуру гана. Бокска кандай келип калды, өмүрүндө кандай кызыктуу окуялар болгон. Бул долбоордогу эң башкысы – Сиднейдеги окуя.

6 сериялык тасмада жарык жылдыздай жарк этип аз гана өмүр сүргөн спортчунун өмүрү менен спорттогу ийгилиги сүрөттөлөт. Тасма быйылкы жазда көрүүчүлөргө тартууланат. 

Фото: 24.kz