Астанада Уржар канбийкесинин бет ачары болду

Астанада Уржар канбийкесинин бет ачары болду

«Уржар кечили жана кенчтин кайра жаралуусу». Казакстандын улуттук музейинде алты жыл мурун өлкөнүн чыгышында археологдор тарабынан табылган уникалдуу артефакттардын көргөзмөсү ачылды. Тимур Смагулов башында турган экспедициянын олжолору көпчүлүктү таң калтырды. Ак сөөк аялдын сөөгү – көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан негизги объект болду.

ТИМУР СМАГУЛОВ, АРХЕОЛОГ, УРЖАР АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕДИЦИЯНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул сөөктү коюлган жерди терең изилдеп жатып, бут тарабында курмандык чалынуучу жер бар экенине көзүбүз түштү. Ал жакта тамак-аштын калдыктары калган ыйык идиш-аяктар, дары дармектер, ал эми баш жагында алтын таажыга окшош буюм табылды. Ошондуктан бул коомчулукта Уржар канбийкеси деген макамга ээ болду.

Белгилей кетсек, байыркы саркофагды калыбына келтирүү үчүн адистер 4 жыл эмгектенишкен. Бул жараян серепчилерге сөөктү терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк берди. Калыбына келтирүүчүлөр канбийкенин костюмун жана алтындан жасалган баш кийимин кайра жаратышты.

ТАЛГАТ МАМИРОВ, А.Х. МАРГУЛАН АТЫНДАГЫ “АРХЕОЛОГИЯ  ИНСТИТУТУНУН” БОРБОРДУК БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Байыркы адамдардын кийими кандай болгонун көрсө болот. Тоолуу Алтай аймагында окшош эстеликтер көп болгон. Кандай маданияттар өз ара жакын болгонунан кабар берет. Тагыраак айтканда, мурда чек ара болгон эмес, ошондуктан маданияттын тараган ареалын көрүүгө болот. Археология институту генетика институту менен биргеликте ДНКнын митохондрийлик талдамасын жүргүздүк. Жыйынтыгында бул аял Түндүк Евразиянын аймагында, Сибирь, Монголияда жашаган адамдардын гаплотипине жатары далилденди.

Серепчилердин божомолу боюнча, табылган аялдын эмчилик жөндөмү болгон. Анын колунда папоротник, ал эми жанында ар кандай чөптөр жана дары-дармектер табылды. Булардын баары өлкөнүн бай тарыхы жана байыркы өнүккөн цивилизациясынан кабар берет, дейт серепчилер.

КРЫМ АЛТЫНБЕКОВ, “КРЫМ АРАЛЫ” ИЛИМИЙ-КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Табылган артефакттар медицина, металл өндүрүү, металлургия, темир иштетүү, жылкыны колго үйрөтүү, тери жана жыгачты иштетүүнүн жогорку деңгээлде өнүккөнүнөн кабар берет. Өзүңүздөр көрүп турган бул кичинекей көчмө үйлөр да курулган. Бул да бир далил. Ошондуктан бул абдан маанилүү, аны сакташыбыз керек.

Бүгүнкү күндө Уржар канбийкесине чет өлкөлүк окумуштуулар, скифологдор жана жырткыч стилди изилдөө менен алектенген изилдөөчүлөр абдан кызыгып жатышат. Уникалдуу табылганын изилдөө иштеринин жыйынтыктарын ата мекендик адистер байыркы технологияларды изилдөө лабораториясына өткөрүп берүүнү көздөп жатышат. Аны жалган куран айында Павлодар шаарында ачуу пландалган.

Фото: tengrinews.kz