«Айка» тасмасы орусиялык көрүүчүлөргө багыт алды

«Айка» тасмасы орусиялык көрүүчүлөргө багыт алды

Москвада режиссёр Сергей Дворцевойдун «Айка» тасмасынын расмий тушоо кесүүсү өттү. Өткөн жылы Казакстан-Орусия биргеликте сунуштаган эмгек «Оскардын» кыска тизмесинде «Чет тилдүү мыкты тасма» номинациясына кирген. Башкы ролду казакстандык актриса Самал Еслямова аткарган. Аталган чыгарма Канн кинофестивалында жогору бааланып, Еслямова «мыкты актриса» номинациясын жеңип алган.

СЕРГЕЙ ДВОРЦЕВОЙ, РЕЖИССЁР:

- Мен Самал менен иштештим жана анын мүмкүнчүлүктөрүнө карап, бул ролду Самал гана жакшы аткарып чыга аларынан күмөн санаган жокмун. Аны жакшы билем. Бул абдан оор роль, бирок аны мыкты деңгээлде аткарып чыкты. Биз азыр Самал менен Астанада жана анын туулган жери Петропавлда боло турган көрсөтүүлөргө бара жатабыз.

САМАЛ ЕСЛЯМОВА, БАШКЫ РОЛДОГУ АКТРИСА:

- Тасма биздин кинематографияга, биздин ишке болгон чоң сүйүү менен тартылган. Биз бул эмгекке бардык күчүбүздү жумшадык. Ошондуктан бул эмгек ар дайым көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алат деп ойлойм.

Сюжеттин желеси Кыргыз Республикасынан Москвага барган кыздын оор тагдырын сүрөттөйт. Ал өз баласын перинаталдык борборго калтырып кетүүгө мажбур болот. Бүгүнкү күндө чыгармага киночулар оң пикирлерин айтса, өз кезегинде көрүүчүлөр да абдан жакшы бааларын берип жатышат.

ЯНА КАБНАЦКАЯ, КӨРҮҮЧҮ:

- Абдан мыкты тартылган. Артисттер өз ролдорун чеберчилик менен аткарышкан. Тасмада биз күнүмдүк жашоодо маани бербеген нерселер көрсөтүлөт. Кээде тиричилик менен алышып жүрүп, ушундай кайгылуу окуялар көңүлдөн тышкары калат.

ЕЛЕНА МАЙОРОВА, КӨРҮҮЧҮ:

- Актёрлук роль таң калтырды. Өтө оор окуя болсо да, өзү алып чыкты. Тасманы көргөндө каармандар менен бирге толкунданып отурасың. Тасма биздин мамлекеттеги жана Мосвадагы көйгөлөрдү чагылдырат.

Даректүү тасма жанрындагы эмгекте тартылган артисттер кесипкөй адистер эмес. Аны менен катар тартуу иштери алты жылга созулган. Белгилей кетсек, тартуу иштерине Орусия, Казакстан, Польша, Германия жана Кытай кинематографисттери катышкан.

Сүрөт oblgazeta.ru сайтынан алынды.