«Dior музасы. Алла Ильчундун тарыхы» аттуу китептин тушоосу кесилди

«Dior музасы. Алла Ильчундун тарыхы» аттуу китептин тушоосу кесилди

Мода дүйнөсүн багындырган тамыры казак бийкеч. Астанада «Dior музасы. Алла Ильчундун тарыхы» аттуу китептин бет ачары  өттү. Сыясы али кургай элек чыгарма жыйырманчы кылымдын 50-60-жылдарында дүйнөлүк деңгээлде сулуулуктун символуна айланган казакстандыктын мода дүйнөсү жана өмүр жолу тууралуу баяндалат. Казактан чыккан сулуу Азиялык көрктүү келбети менен консервативдүү батыштын сахнасынан 20 жыл бою түшпөй төңкөрүш жасаган. Аты уламышка айланган кутюрье Кристиан Диордун эргүүсүн ойготкон «Чыгыш бермети» өзгөчө жаратылышы менен Европаны өзүнө байлап, суктандырган. Бирок мурдагы моделдик жолуна чейинки жана кийинки өмүрү табышмак боюнча калып келген. Улутунун ким экени да белгисиз болгон. 60ка чыкканда гана атасынын атын жарыялап, түбү казак экенин айткан.

БЕРЛИН ИРИШЕВ, КИТЕПТИН АВТОРУ:

- Биз Диор мода үйүнүн мааракесинде Аннанын атасы казак болгондугун дагы уктук. Ошол кезден баштап далилденбеген бүтүмдүн чындыкка жакын экенин так малыматтар менен далилдөө үчүн өзүбүздүн изилдөөбүздү баштадык. Түпкү тегин аныктоодон мурун көрүстөнүн таап, рухуна таазим кылдык. Жалгыз баласы менен жолугуштук. Ал биздин колубузга көпчүлүккө жарыяланбаган өмүрү жана моделдик жолунан кабар берген документтер жана материалдарды тапшырды. Китепти жазууга керектүү жыйналган так маалыматтар анын казак экенин көрсөтүп жатат.

Орус тилинде жарык көргөн китепте Алла Ильчун, башкача айтканда, Алла Куантхан кызы Елшын Кытайда төрөлүп, 2-Дүйнөлүк согушта Францияда партизан кыймылына катышканын, андан кийин Кристиан Диордун №1 модели болгону сүрөттөлөт. Жакында француз тилинде басып чыгарылат. Казак тилине да которулат. Жыйналган маалыматтардын негизинде даректүү жана көркөм тасма тартуу да мерчемделип жатат.