Н. Сейитовдун «Эркиндик үчүн» аттуу жеке көргөзмөсү

Н. Сейитовдун «Эркиндик үчүн» аттуу жеке көргөзмөсү

Иш-аракет, өмүрдө жана чыгармачыл жолдогу эркиндик. Жаш кыл калем чеберинин эмгектеринде тандоо мүмкүнчүлүгүнүн маанисин түшүнүү кыйын эмес. Ошондуктан ушундай өзгөчө эмгектердин автору жеке көргөзмөсүнүн жалпы темасын ачып берүү үчүн «Эркиндик үчүн» деген аталыш берген. Жаш таланттын 40тан ашуун эмгеги коюлган иш-чара борбордогу заманбап өнөр борборлорунун биринде уюштурулду.

НУРСУЛТАН СЕЙИТОВ, СҮРӨТЧҮ:

- Бул менин көпчүлүккө сунуштаган алгачкы жеке көргөзмөм. Чыгармачылык жолумдун баштапкы деңгээли деп да айтууга болот. Келечекте өнөр сүйгөн коомго кыялымдагы башка да эмгектерди көрсөткүм келет. Өнөрдүн дал ушул тармагын сүрөтчүнүн көз карашындагы өздүк бир дүйнө деп түшүнөм. Менин дүйнөм жалгыз мен үчүн эмес, жалпы көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болуусун каалайм.

Нурсултан Сейитов чыгармачылык тармакта бышып-жетилүүнүн чеги да, чети да жок деп санайт. Азыркы тапта автор өзүн реализм багытында сынап келет. Алдыдагы убакытта заманбап тартуу өнөрүнүн гиперреализм жанрын өздөштүрүүнү максат кылып жатат.

ЛЕЙЛА МАХАТ, СҮРӨТЧҮ, КӨРГӨЗМӨНҮН КУРАТОРУ:

- Анын жазуу стилин өзүн көрбөстөн таанууга болот. Анын эч кимге окшобогон өзүнө гана таандык, өзгөчө кол тамгасы бар. Каныккан боёкторду тандап, ар түстү орундуу колдоно билет. Тарткан сүрөттөрү дароо өзүнө байлап алат. Эң башкысы Нурсултандан эмгектериндеги жаккан касиети – чынчылдыгы. Анын эмгектеринен ушуну көрүүгө болот.

Коомчулуктун назарына сунушталган картиналардын темасы бир болгон менен техникалык жасоо жагынан ар түрдүү стилде аткарылган. Көркөм сүрөт, живопись, автордук портреттер, графикалык эмгектер жана табигый көрүнүштөр. Нурсултан Сейитовдун өзгөчө дүйнөсү менен бугу айынын аягына чейин таанышууга болот.