«Казакфильмдин» эки картинасы Бангладеш кинофестивалында сыйлыкка ээ болду

«Казакфильмдин» эки картинасы Бангладеш кинофестивалында сыйлыкка ээ болду

Казакстандык кинематография жаңы жылды ийгиликтер менен баштады. «Казакфильмдин» эки картинасы Бангладеш кинофестивалында сыйлыкка ээ болду. Режиссёр Талгат Теменовдун «Чоң шаардын кичинекей канзаадасы» аттуу көркөм тасмасы мыкты балдар тасмасы деп таанылса, «Шыңырау» тасмасындагы оператордун жумушу Азиялык тасмалар сынагында жеңишке жетти. Белгилей кетсек, быйылкы жылы Даккадагы фестивалга 72 өлкөнүн өкүлдөрү тарабынан 220 тасма сунушталды.

Киночулар менен эл аралык калыстар тобу гана эмес, чет өлкөлүк телеканалдардын продюсерлери жана кинотеатр жетекчилери да казакстандык кино өнүмдөрдү жогору баалап жатат. Мисалы, «Казак хандыгы» сериалын дүйнөнүн 180 мамлекети сатып алууга кызыгуу билдиришти. Тизмеде Кытай, Латын Америка өлкөлөрү бар. Бул тууралуу тасманын продюсери Арман Асенов Москвада өткөн сериалды көрсөтүү кезинде маалымдады. Чыгарманын «Казак хандыгы. Алмаз кылыч» деп аталган бөлүмү Третьяков галереясында көрсөтүлдү.

АРМАН АСЕНОВ, ПРОДЮСЕР:

- Латын Америка өлкөлөрү тасманы көрүп таң калып, биздин өлкөгө келип, көп макала жазды. Бизди көпчүлүккө белгилүү «Тактар оюну» менен салыштырышты. Жалпы бул туура деп ойлойм. Себеби, бул кино чыгарманын масштабдуулугу, тартылышы, каармандардын кийими «Тактар оюнуна» окшош деп айта алам. Белгилей кетүүчү өзгөчөлүк – бизде чыныгы тарых, көчмөндөр өмүрү баяндалган.

РҮСТЕМ АБДРАШЕВ, РЕЖИССЁР:

- 25 жыл мурун биз өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүздү кайтарып алганбыз. «Түбөлүктүү өлкө» деген түшүнүккө аракет кылып жатабыз. Бирок келечекке умтулуу үчүн тарыхка таянып, өткөнгө көз чаптырышыбыз керек. Биз өз тарыхыбызды, өткөнүбүздү окуп гана кайсы жакка бара жатканыбызды ачыктай алабыз.

Эскерте кетсек, «Казак хандыгы. Алмаз кылыч» толук метраждуу тасмасы Ильяс Есенберлиндин «Көчмөндөр» романынын негизинде тартылган. Азыр казак мамлектүүлүгүнүн калыптануусунун масштабдуу тарыхын баяндай турган чыгарманын экинчи этабы боюнча жумуштар жүрүп жатат.