«Астана Опера» балет труппасы европалык гастролдон кайтып келди

«Астана Опера» балет труппасы европалык гастролдон кайтып келди

Европалык көрүүчүнүн купулуна толгон «Астана Опера» балет труппасы Казакстанга кайтты. Артисттер Италия жана Испаниянын шаарларында өнөр көрсөтүштү. Көрүүчүлөргө жалпы 18 спектакль сунушталды. «Щелкунчик» менен «Аккуу көлү» көрүүчүлөрдү таң калтырды. Бир айдын ичинде балеттерди болжол менен 22 миң көрүүчү көрдү. Гастроль  Ахмет Жубанов менен Латиф Хамидинин «Абай» операсы менен башталган.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бизди европалык көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алышты. Билеттер алдын ала сатылып кетти. Спектаклдерибиз оңой болду деп айта албайм. Анткени биз «Щелкунчик» менен «Аккуу көлү» сыяктуу эки оор, масштабдуу спектакль менен барганбыз. Кыйын болгонуна карабастан, көрүүчүлөрдүн колдоосун көрүп, эргүү алдык.

БАХТИЯР АДАМЖАН, «АСТАНА ОПЕРА»  ТЕАТРЫНЫН СОЛИСТИ:

- Казак өнөрүн жеке эле домбра, күрөш, бокс менен эмес, опера, балет өнөрү менен да бүткүл дүйнөгө жайылтабыз деп ойлойм. Маданият министрлиги, театр менен биргеликте чоң жамаат болуп, Европа, Америка, Кытай сыяктуу өлкөлөрдү өз өнөрүбүз менен таң калтырабыз.