“Эне жүрөгү” аттуу казак тасмасы Өзбекстандын экрандарында

“Эне жүрөгү” аттуу казак тасмасы Өзбекстандын экрандарында

«Эне жүрөгү» (Ана жүрегі) аттуу казакстандык көп сериалдуу тасма Өзбекстандын экрандарында көрсөтүлө баштады. Эскертке кетсек, аталган сериал 2017-жылы “Хабар” Агенттигинин тапшырмасы менен тартылган. Казакстандык тасма өлкөдөгү белгилүү «Севимли» каналынан  көрсөтүлүүдө. Азыркы тапта акыркы сериалды дубляждоо иши жүрүп жатат.

ГАВХАР ЗАКИРОВА, ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭЛ АРТИСТИ:

- Ар бир каармандын өз тагдыры бар. Алардын өзгөчөлүктөрү көрүүчүлөрдү өзүнө тартып турат. Сериал кызыксыз болбойт. Ар бир серия укмуштуудай окуяларга бай. Окуя дагы кандай уланат деп ойлоносуң. Андан кийин сенин акылыңа келбеген окуялар пайда болот.

“Эне жүрөгү” тасмасын “Севимли” телеканалынын көркөм кеңеши көптөгөн чет өлкөлүк тасмалардын ичинен жөн жерден тандап алган эмес. Жетекчилик үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган, жүрөк элжиреткен окуяны издеген. Дал ушул тасмада заманбап жашоонун көрүнүштөрү чагылдырылып, азыркы жашоодогу өзөктүү суроолор көтөрүлөт, деп белгилейт телеканалдын башкы мүдүрү.

ЖАЛОЛАДДИН САФОЕВ, «SEVIMLI» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Көрүүчүлөр “Хабар” Агенттигинин тасмасын жылуу кабыл алышты. Алардын суроо-талаптары жана пикирлерине таянып, биздин телеканал аркылуу казакстандык «Огей журек» тасмасын да көрсөтүүнү чечтик.

ЛОЛА ШАЙМОВА, «SEVIMLI» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН КИНОРЕДАКЦИЯ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Биз «Хабар» Агенттиги менен өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнү көздөп жатабыз. Биздин телеканал аркылуу «Ага» аттуу дагы бир сериалды көрсөтүүгө бел байлоодобуз. Картина менен тааныштык. Абдан кызыктуу.

Ташкенттеги жеке менчик телеканал ушундай аракеттери аркылуу Өзбекстандагы Казакстан жылына карай Казак тасмаларынын санын өстүрүүнү көздөп жатат.