Орусиянын Астрахань облусунда казактын домбрасына болгон кызыгуу артууда

Орусиянын Астрахань облусунда казактын домбрасына болгон кызыгуу артууда

Орусиянын Астрахань облусунда казактын домбрасына болгон кызыгуу артууда. Муну менен катар Астрахань маданият жана өнөр  колледжинде  домбра бөлүмү ачылды.

Жаш өнерпоз Райымбек Елешев домбрада бала кезинен кол ойнотуп келет. Бир караганда жеңил  көрүнгөнү менен аспаптын тилин таап, күү чыгаруу оңой эмес. Анын сырларын үйрөнүү максатында ал домбра бөлүмүнө окууга келген.

РАЙЫМБЕК ЕЛЕШЕВ, АСТРАХАНЬ МАДАНИЯТ ЖАНА ӨНӨР КОЛЛЕДЖИНИН ДОМБРА  БӨЛҮМҮНҮН  СТУДЕНТИ:

 - Менин атам дагы домбрада ойнойт. Ошондуктан кичине кезимден эле домбранын үнү мага тааныш.   Мугалим болуп жаш балдарга бул аспапта ойногонду үйрөтсөм деген кыялым бар.

Домбра бөлүмүндө 22 студент окуйт. Алардың арасында  калмак, ногой жана  татар сыяктуу ар улуттардын  уландары дагы бар. Жаш өнөрпоздор Курмангазы бабабыздын чыгармалары менен тарбияланып, домбранын сырларын үйрөнүшүүдө. 

КАЙРАТ АМАНДЫКОВ,  АСТРАХАНЬ МАДАНИЯТ ЖАНА ӨНӨР КОЛЛЕДЖИНИН  ОКУТУУЧУСУ:

 - Жаштар арасында домбрага кызыгуу абдан жогору. Жыл сайын алты-жети киши келип биздин катарга кошулат. 

Астрахань облусунда жашаган казактар өздөрүнүн тарыхы, мекени менен байланышты үзгөн эмес. Төрт кылымдан ашык убакыт коңшу жашап келген эки эл чек араны шарттуу гана чек деп эсептешет. Мамлекеттик  «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында өткөн жылы  «Шалкыма» улуттук аспаптар ансамбли Астрахандын  көптөгөн шаарларын  аралап, домбрада күү төгүп, концерт берген.

Бүгүнкү күндө Астрахань жергесинде 140 миңден ашык казакстандык жашайт. Демек, бул жерде домбранын үнү эч качан өчпөй,  добушу бийик чыга бермекчи.