Казакстандык-кытайлык «Композитор» тасмасы 2019-жылдын биринчи жарымында прокатка чыгат

Казакстандык-кытайлык «Композитор» тасмасы 2019-жылдын биринчи жарымында прокатка чыгат

Казакстандык-кытайлык «Композитор» кино тасмасы 2019-жылдын биринчи жарымында прокатка чыгат. Азыр режиссёрлор кинотеатрларда көрсөтүү үчүн үч сааттык фильмди 90 мүнөткө кыскартуунун үстүндө иштеп жатат. Белгилей кетсек, тасманы 2018-жылы кулжа айында Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев менен Кытай Төрагасы Си Цзиньпин көргөн. 

ДЖОНАТОН ШЭНЬ, «КОМПОЗИТОР» ФИЛЬМИНИН ПРОДЮСЕРИ:

– 2018-жылдын кулжа айында эки өлкөнүн лидерлери көркөм тасмага жогорку баа беришти. Алар тасма тартуу тобуна жолугуп, биздин эмгекти макташты. Эми бизге айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Кошумча кадрлар керек. Тасма 2019-жылы жарыкка чыгат.

Тасма эки улуу музыкант Бакытжан Байкадамов менен Сянь Синхайдын бекем достугун баяндайт. 40-жылдары Кытай Эл Республикасынын Борбордук комитетинин чечими боюнча кытай композитору жергиликтүү музыкалык маданият менен таанышууга КазССРге келет. Бирок согуш башталып кетип, музыкант бул жакта калып калат. Согуштун оор жылдары ага казак композитору жардам берет. Долбоордун авторлору тасма Казакстан менен Кытайдын достугун чыңдоого салым кошот деп ишенишет.