«Астана-Операнын» Италияга гастролу

«Астана-Операнын» Италияга гастролу

«Астана-Операнын» артисттери италиялык Генуянын жашоочуларына чыныгы жаңы жылдык жомок тартуулашты. Казакстандык труппанын гастролдук репертуарында Петр Чайковскийдин айтылуу «Щелкунчик» жана «Ак куу көлү» балеттери коюлду. Карло Феличе театрында көрүүчүлөр арасында аншлаг болду. 6 спектаклдин билеттери гастроль башталганга чейин эле сатылган.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз дээрлик эки курамды, труппадагы бардык 100 кишини алып келдик, алар өз ара алмашышат. Чындап эле иш тартип абдан оор болду, анткени ушундай чоң, техникалык татаал спектаклди күнүнө эки жолу коюу кыйын, бирок жалпы бизди мекенчилдик, Казакстанды, Астананы жана «Астана Опера» театрын татыктуу көрсөтүү сезими кармап турат.

Көрүүчүлөр театрдын жаш труппасынын чеберчилигин, спектаклдин режиссердук чечимин жогору баалашты: аларга масштабдуу көркөм кооздук, өзгөчө кийимдер жана сахнанын башкы кооздугу өсүп чыккан балаты жакты. 

СИМОНА МАРТИНИ, КӨРҮҮЧҮ:

– Мага бардыгы жакты, өзгөчө башкы ролдо ойногон артисттер, солисттер техникасы – өзгөчө керемет болду. Сценография, түс айкалышы, балериналардын көркү жакшы таасир калтырат, эң сонун спектакль!   

АГАТА ПОНТЕ, КӨРҮҮЧҮ:

– Мага балериналар менен башкы каармандардын бийлегени, анан экинчи актыдагы сценография, учуучу кеме жана балыктын көрүнүшү жакты. Анан албетте артисттердин бийлегени сонун экен. 

Белгилей кетсек, казакстандык артисттердин маршрутунда Испания да бар. Ал өлкөнүн көрүүчүлөрүнө артисттер Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетин көрсөтүүгө ниет кылышууда.