2018-жылдын эң башкы маданий окуялары

2018-жылдын эң башкы маданий окуялары

Көрүнүктүү кинопремьералар жана театралдык оюндар, зор көргөзмөлөр, көп күттүргөн гала-концерттер жана жеңиштүү сынактар. 2018-жыл казакстандыктарга көптөгөн маданий белектерди тартуулады.

Жайкы теке айындагы аптап. Эркиндик аянты. «Казак эли» монументинин алдында миңдеген бактылуу шаардыктар жана борбор коноктору чогулду. Астана өз мааракесин майрамдады. Шаардын 20-жылдыгынын алкагында өлкөнүн башкы аянтында майрамдык зор гала-концерт өттү.

Казакстандын борбору өтүп бара жаткан жылы дүйнөлүк маданияттын чыныгы очогу болду. Өлкөнүн баш калаасына Европа, Азия жана Американын ондогон мамлекеттеринен белгилүү ырчылар, мыкты музыкалык жана бий топтору келди. Аяк оона айында Казакстандын эң чоң сахнасында «The Spirit of the Dance» музыка жана бий фестивалы болуп өттү. Өзгөчө этно-ворлд шоу көркөм өнөр күйөрмандарына жандуу заманбап жана салттуу музыканын - кооз хореографиялык кыймыл менен айкалышкан чыгармасын тартуулады. 

«Жизель», «Саломея», «Щелкунчик», «Серенада». Быйылкы жыл «Астана Балет» театрынын жамааты үчүн дагы абдан жемиштүү жылдардан болду.

ВАЛЕРИЙ КУЗЕМБАЕВ, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН ДИРЕКТОРУ:

- Ушул жылы биз Мамлекет башчысынын Америка Кошмо Штаттарына барган сапарынан алкагында Нью-Йорк шаарында Линкольн борборунда оюн койдук. Ошондой эле, Италиянын Милан жана Монаконун Монте-Карло шаарларында өз өнөрүбүздү көрсөттүк. Кытайдын Пекин шаарында балет фестивалына катыштык.

Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудабергенов өтүп бара жаткан жылы дагы өз күйөрмандарын таң калтырганын токтоткон жок. Жаш аткаруучунун Лондондогу жеке концерти көп миңдеген угармандарды чогултуп, толук аншлаг менен өттү. Казак ырчысынын үнүн угуу үчүн Улуу Британиянын борборуна 46 мамлекеттин өкүлү барган. Алар үчүн ал айтылуу лирикалык баяндарды, казак элдик ырларын жана домбрада «Адай» күүсүн аткарып берди.

Өтүп бара жаткан жылдын күтүлгөн маданий окуяларынын бири «Балдар Евровидениеси-2018» болду, ага Казакстан биринчи жолу катышты. Беларусь борборунда өлкөнүн атынан Данэлия Тулешова чыкты. Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү боюнча ал ардактуу үчүнчү орунду ээледи.  

Ушул жылы дагы бир казакстандык өзгөчө талантын көрсөтүп дүйнө жүзүнө өзү жөнүндө жар салды. Самал Еслямова «Айка» тасмасындагы ролу менен 71- Канн кинофестивалында мыкты актриса наамына татыды. Ошол эле учурда тасманын өзү абройлуу «Оскар» кино сыйлыгынын шорт-баракчасына кирди.   

Казакстандык артисттердин эл аралык сахналардагы ийгилиги, элдин байыркы жана өз алдынча каада-салттарын планетанын булуң-бурчуна таанытып көрсөтүү – Казакстандын баа жеткис байлыкка ээ экендигин жана өзүнүн маданий баалуулугун дүйнө менен бөлүшүүгө даярдыгын дагы бир жолу тастыктады.