Казакстандын улуттук маданий борбору Румыния борборунда ачылды

Казакстандын улуттук маданий борбору Румыния борборунда ачылды

Казакстандын улуттук маданий борбору Румыния борборунда ачылды. Маданий кызматташтык эки мамлекеттин саясий өнөктөштүгүнүн уландысы болуп калды. Дипломаттардын сөзү боюнча, так ушул биздин тарых, каада-салттар румындарда өзгөчө кызыгуу жаратууда. Буга ондогон долбоорлор – түздөн түз эң мыкты күбө.

НУРМУХАМЕД ЖАНГАРАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН РУМЫНИЯДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНИН КЕҢЕШЧИСИ:

- Казакстандын Румыниядагы элчилиги тарабынан «Руханий жаңыруу» программасынын жана «Заманбап казакстандык маданият глобалдык дүйнөдө» долбоорунун алкагында биздин маданиятты кеңири жайылтуу боюнча системалык иштер жүргүзүлөт. Учурда адистер Нурсултан Назарбаевдин – «Көз карандысыздыктын доору» китебин румын тилине которуп жатышат.

Европанын эң улуу китепканаларынын биринде Казакстандын борборун ачуу көрүнүктүү белги болуп калды. Анын фонду 13 миллион китепти түзөт. Анын окурмандары билдиргендей, борбор казак элинин салттуу турмушу, каада-салты, жазуусу, адабияты жөнүндө окурмандарга маалымат алууга жардам берет.   

АРМАН КАЛАБАЕВ, МАДАНИЙ БОРБОРДУН КОНОГУ:

– Бизге жана биздин балдар өзүнүн эне тилинде - казакча китептерди окуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Азыр Казакстан менен Румыниянын мамилеси жигердүү өнүгүп жатканы кубандырат.  

Румыниянын улуттук китепканасына жалпы казакстандык авторлордун 200 ашык басылмасы тартууланды. Тарыхый жана көркөм адабияттан тышкары, борборго Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин китептери дагы коюлган. Белгилей кетсек, жакынкы келечекте румын маданиятынын ушуга окшош борбору Астанада ачылары күтүлөт.