Денис Тен анимациялык тасманын каарманынын прототиби болот

Денис Тен анимациялык тасманын каарманынын прототиби болот

Денис Тендин кыялын орундатуу. Казакстанда кийинки жылы көркөм муз тебүү академиясын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу спортчунун фондунун ишмердүүлүгүнө арналган маалымат жыйында Денис Тендин апасы Оксана Тен билдирди. Анын айтымында, Денис ал мектепти «Global Skating Academy» деп атоону кыялданган. Бүгүнкү күнү көркөм муз тебүү боюнча айтылуу тренер Татьяна Тарасованын катышуусунда анын концепциясы иштелип чыккан. Фонд Денис Тендин башка чыгармачылык долбоорлору – музыкалык жана акындык жыйнагын чыгаруу менен да алектенет.     

ОКСАНА ТЕН, ДЕНИС ТЕНДИН АПАСЫ:

- Биз фонддун ишинде бир нече багытты белгиледик. Бул музыкалык долбоорлорду ишке ашыруу болот. Анын алкагында музыкалык диск түзүлөт жана чыгарылат, аңгемелер, ырлар жана жомоктор жыйнагы чыгарылат. Айта кетсек, Денисте жетиштүү санда адабий чыгармалар чогулуп калган.  

Кошумчалай кетсек, Денис Тен анимациялык тасманын каарманынын прототиби болот. Мындан тышкары, белгилүү кинорежиссёр Тимур Бекмамбетов казакстандык спортчунун сценарийи боюнча келерки жылы «Сокур сүйүү» көркөм тасмасын тартууну убада кылды.    

ТИМУР БЕКМАМБЕТОВ, КИНОРЕЖИССЁР:

- Бул тасма тартылат жана азыр ага даярдануу жүрүп жатат, кийинки жылдын үчтүн айынан баштап ишке киришебиз, тасманы тартуу башталат. Биз азыр режиссёр тандап жатабыз, тасма англис тилинде болот, иштей турган режиссёрлор Америкадан болот жана өндүрүү дагы Америкада жүргүзүлөт. Тасма жаштардын өз ара мамилесине арналган, сүйүү жөнүндө болот.

Денис Тендин коомдук фонду атактуу фигурист өзү уюштурган муз үстүндөгү көңүл ачуу иш-чарасын улантууну көздөп жатканы белгилүү. Ошондой эле, жаш спортчулар үчүн мастер-класстар өткөрүлөрү күтүлүп жатат.