Казакстан маданияты Шотландияда

Казакстан маданияты Шотландияда

Казак обондору волынкада ойнолду. Белгилүү британиялык музыкант Мэттью Макрэй Улуу талаа өлкөсүнүн маданиятын жайылтууда. Ал казактын элдик ырларын шотландиялыктардын улуттук аспабында аткарууда.

Димаштын чыгармачылыгына суктанган Мэттью казак музыкасына көңүл бурду. Ал аны интернет айдыңында изилдеп, өзүнүн улуттук аспабына ылайыкташтырды. Эми ал чет элдик көрүүчүлөр алдына казакстандык жаш домбрачылардын үчилтигинин курамында «Камажай» ыры менен чыгып жатат.

ДЖИЛ БРАУН, КӨРҮҮЧҮ:

– Бул волынка менен жаш домбрачылардын үчилтиги музыка сүйүүчүлөр арасында өзүнчө орунду ээледи. Мен жеке өзүм ушундай улуттук аспаптарды абдан жакшы көрөм. Алардын ар биринин өзгөчө үнү бар.

Волынка казак элинин байыркы үйлөмө аваздык аспаптарынын бири – желбуазга абдан окшош. Ал эки же үч түтүк үчүн көзөнөгү бар тери баштыктан жасалган. Ал аспапты «казак волынкасы» деп дагы атап коюшат.

МЭТТЬЮ МАКРЭЙ, ВОЛЫНКА ЧЕБЕРИ:

– Казак обондору өзгөчө келет, алар жагымдуу жана жакшы эсте калат. Өзгөчө мага казак классикалык музыкасы жагат. Мен үчүн Улуу талаанын музыкасын аткаруу чоң сыймык. Ал табияттын түрдүү түстөрүн жана сезимдердин гаммасын бере алганга жөндөмдүү.  

Мэттью Макрэй салтанаттуу иш-чараларда жана музыкалык кечелерге көп чыгат. Ал мындай мүмкүнчүлүктөрдү Тумандуу Альбиондун жашоочуларын казак улуттук музыкасы менен тааныштыруу үчүн пайдаланат.