Алматыда Батырхан Шүкенов атындагы республикалык өнөр сынагы өттү

Алматыда Батырхан Шүкенов атындагы республикалык өнөр сынагы өттү

Алматыда белгилүү музыкант Батырхан Шүкенов атындагы республикалык өнөр сынагы өттү. Аталган чыгармачылык жарышта 32 жашка чейинки кесипкөй аткаруучулар менен жаш музыканттардан чогулган 43 адам өз багын сынап көрдү. Атайын комиссия мүчөлөрү катышуучуларды онлайн режиминде тандаган. Үйлөмө аспаптарда ойногон мыктылардын арасындагы сынак беш номинация боюнча өттү. Уюштуруучулардын айтымында, сынактын максаты – үйлөмө аспапта ойноо өнөрүнө көпчүлүктүн көңүлүн буруу. Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясынын сахнасында өнөр көрсөткөн катышуучуларга дипломдор тапшырылып, 15 музыкант атайын стипендия ээси болду.

ХАДИША ЕЛИБАЕВА, КАЗАК УЛУТТУК ӨНӨР УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Чындыгында эң кызыктуу сынак. Мен ушундай сынакка катышып жатканыма сыймыктанам. Катышуучулардын бардыгы өнөрлүү, калыстар тобунун талаптары жогору. Батырхан Шүкенов Казакстандын мыкты музыканты болгон. Шүкенов атындагы фонд түзүлүп, анын ишин улантып жатканы кубандырат.