Данэлия Тулешова Балдар Евровидениесинде алтынчы оорунду ээледи

Данэлия Тулешова Балдар Евровидениесинде алтынчы оорунду ээледи

Он эки жаштагы Данэлия Тулешова Балдар Евровидениесинде «Өзүңө ишен» ыры менен алтынчы оорунду ээледи. Казакстандык жаш талант телекөрүүчүлөрдүн добушу боюнча 171 баллга ээ болуп, үчүнчү орунду камсыз кылды. Казакстан аталган абройлуу сынакка биринчи жолу катышты. Белгилей кетсек, музыкалык сынакта биринчи орунду Польша багындырды. Балдар Евровидениеси - 2018де аталган өлкөнүн намысын Роксана Вегель коргоду. Экинчи орунга франциялык Анджелина ээ болду. Мыкты үчтүктү Австралиядан келген Джаэль толуктады. Белгилей кетсек,  баш байге үчүн 20 мамлекеттин өкүлү ат салышты. Уюштуруучу катары Казакстандын атынан “Хабар” агенттиги болду.

ДАНЭЛИЯ ТУЛЕШЕВА, КАТЫШУУЧУ / КАЗАКСТАН:

- Мен сиздерге терең ыраазычылыгымды айткым келет. Биз колубуздан келгенин кылдык. Аталган абройлуу сынакта Казакстан биринчи жолу катышып жатканын эске алып, жакшы жыйынтык болду деп ойлойм. Ошондуктан биз менен бирге болгонуңуздар үчүн чын жүрөктөн сиздерге өз ыраазычылыгымды айтам.

АЛАН АЖИБАЕВ, «ХАБАР» АГЕНТТИГИНИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Телекөрүүчүлөрдүн добушу боюнча Казакстан 3-орунга ээ болду. Биздин өлкөнүн жарандары бул тармакта өз биримдигин көрсөтүп, жигердүү добуш беришти. Бардык өлкөгө терең ыраазычылыгымды айткым келет.