Москвадагы казак тили борборуна 15 жыл

Москвадагы казак тили борборуна 15 жыл

Москвадагы казак тили жана адабият борборуна 15 жыл толду. Бул жерде билимин жогорулатып, казак тилин өздөштүргөн канча деген жаштар бүгүнкү күндө кесипкөй адистерге айланып, өз тармактарында эмгектенишүүдө. Алар ушул борбордо алган билимин иш жүзүндө ийгиликтүү пайдаланып жүрүшөт.

КАМШАТ ШАХАТОВА, БОРБОРДУН БАШЧЫСЫ:

- Биздин бүтүрүүчүлөрдүн бири Казакстандагы Орусия элчилигинде үчүнчү катчы болуп иштеп жатат. Ал элчиликке казак тилин билгендиги үчүн кабыл алынды. Биздин дагы бир студентибиз тилдер институтунда сабак берип келет.

Борбордо орусиялык студенттер казак тилин экинчи чет тили катары окушат. Окуу жараяны оңой жана көңүлдүү болуп түзүлгөн. Мугалимдер маалыматты кызыктуу кылып жеткирүүгө аракет кылышат.

ИРИНА КРАЕВА, ММЛУ РЕКТОРУ:

- Бул саясий жана бизнес-түзүмдөрдүн, маданий мекемелердин өз ара аракеттерин талкуулай турган жана ишке ашыра турган урпак. Албетте тил адиси үчүн казак тилин үйрөнүү мамлекеттик милдетке ылайык келет.

Борбор жыл сайын казак тилинен олимпиада өткөрөт. Бул жерде окутуу кызматынан башка казак элинин каада-салттары менен тааныштыра турган таанып-билүүчүлүк ийримдер иштейт. Адистер тил билүү деңгээли менен элдин маданий мурасын сактоодо ушундай мекемелердин мааниси терең, дешет.