Junior Eurovision Song Contest 2018 сынагына 2 күн калды

Junior Eurovision Song Contest 2018 сынагына 2 күн калды

Жетинин айынын жыйырма бешинде музыкалык «Junior Eurovision Song Contest» сынагында Данэлия Тулешова өз өнөрүн көрсөтөт. Азыркы тапта Минск шаарында акыркы даярдыктар жүрүп жатат. Казакстандык катышуучунун да графиги сааты менен жазылган. Ал күн сайын Минск-Арена сахнасында вокал боюнча мугалими менен биргеликте өз ырын даярдап жатат. Данэлияны колдоо үчүн Казакстандан атайын чоң топ барды.

АЙДОС ТУРИСБЕК, ХАБАР” КАНАЛЫНЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Биз бардыгыбыз Данэлияны колдоо үчүн келдик. Бул мамлекеттик долбоор деп айтсам болот. Себеби, бул эгемендүү Казакстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Беделдүү музыкалык сынакка Данэлия жол салат деп айта алам. Жакынкы арада аталган музыкалык сынак Казакстанда өтүп, жаш жылдыздар жаркырап жанышы мүмкүн.

Бул жылкы сынак эң көп мамлекеттердин катышуусу менен өтөт. Алардын саны 20. Көпчүлүк продюсерлер Евровидение сахнасын музыкалык олимп деп аташат. Аталган форум көп катышуучулар үчүн жогорку шоу-бизнеске трамплин болуп берет. Катышуучулар үчүн подиумду техникалык даярдоодон сырткары, кеченин эң жоопкерчиликтүү этабы – добуштарды саноо. Бул жараянга адистер даяр. Бардыгы Европалык кабар таратуу Бирикмесинин эрежелерине ылайык жүрөт.

АРУЖАН ХАФИЗ, КАЗАКСТАНДЫН АТЫНАН СЫНАКТЫН АМБАССАДОРУ:

- Жетинин айынын 23–25 аралагында Данэлия Тулешовага өз добушуңузду бере аласыздар. Ал азыр кызуу даярданып жатат. Сиздер junioreurovision.tv сайты аркылуу 5 мамлекетке, анын ичинде өз өлкөңүзгө добуш бере аласыз. Ошондуктан Данэлияны колдойлу.

Ушул жылдагы сынакка биринчи жолу катышып жаткан Казакстан жана Уэльс менен бирге, сахнага Азербайжан, Израиль жана Франция өлкөлөрү да кайтышты. Уюштуруучулардын айтымында, бул сынак өзгөчө жогорку деңгээлде өтөт. Сахнада он миңдеген атайын жарык диоддору  орнотулган. Ал эми «Junior eurovision song contest» сынагын көрүү үчүн Беларустун борборуна 15 миңден ашуун көрүүчү келип жатат.