Шакен Айманов кинофестивалынын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары белгилүү болду

Алматыда өткөн 14 – Эл аралык Шакен Айманов кинофестивалынын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары белгилүү болду. «Жол кесилиши» бөлүмүндө эң мыкты картина номинациясында баш байгени колумбиялык Джонни Хендрикс Инестросдун «Канде-лария» эмгеги жеңип алды. Ушул жылы биринчи жолу өтүп жаткан «Атамекен»  түрк элдеринин тасмаларынын сынагында баш байге орусиялык режиссёр Эдуард Новиковдун «Царь-птица» картинасына тапшырылды. Калыстардын атайын байгесине кытайлык режиссёр Чжан Лопиндин “Күн карама” тасмасы ээ болду.

НАЗИРА МУКАШЕВА, КИНО ТААНУУЧУ:

- Ушундай сынактар казакстандык кинематографтардын деңгээлин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Фестивалдын палитрасы ар түрдүү. Бул жерде даректүү тасмалар, анимация, автордук тасмалар бар. Бизде дал ушул тармактарда таланттуу режиссёрлордун, сценаристтердин, продюсерлердин жаңы мууну өсүп келе жатат.

Салттуу Шакен Айманов кинофестивалы быйыл концепциясын өзгөрткөн. Эми ал аймактык, жаш өлчөмдөр менен чектелбейт. Мындан сырткары, сынакта Борбор Азиянын жүрөгүндөгү түрк кинематографисттерди бириктирүүгө басым берилген. Белгилей кетсек, калыстар  тобу Түркия, Иран, Перу жана Куба өлкөлөрүнөн келген 45 эмгекти сындан өткөрүштү.

БАХРИДДИН АБДУЛЛАЕВ, АКТЁР / ӨЗБЕКСТАН:

- Ар бир фестивалдын максаты  - бул баарлашуу, пикир алмашуу. Мисалы, биз ушундай фестивалдардын аркасында Казакстанда, Орусияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда эмне болуп жатканын көрө алабыз.

Эскерте кетсек, салттуу кинофестивалга айланган иш-чарада Алматынын тургундары жана коноктору 3 күн бою заманбап дүйнөлүк жана ата мекендик кино дүйнөсүнүн жаркын үлгүлөрүн көрө алышты.