Kazakhstan Fashion Week Astana-2018

Kazakhstan Fashion Week Astana-2018

Жаңы тренддер, ар түрдүү стилдер, түстөрдүн жана фактуралардын аралашуусу, кайталангыс аксессуарлар жана өзгөчө фасондор. Көйнөктөр жана сарафандар, токулган костюмдар жана шымдар. Булардын бардыгын Kazakhstan Fashion Week Astana иш-чарасынан көрсө болот. Аталган иш-чарага Казакстан, Италия, Грузия, Латвия, Орусия, Бельгия жана Австралиядан 17 дизайнер катышып жатат. Борбордун жашоочулары 3 күндүн ичинде 2019-жылдын жаз-жай мезгилдеринин белгилүү багыттары менен тааныша алышат. Уюштуруучулардын айтымында, бул жылдагы мода жумалыгында – жаңы формат.

ГУЛЬБАРШИН ЗАИРОВА,  АМБАССАДОР  KFW ASTANA -2018:

- Бул жолу сынактарда жарышуу орун алат. Бул жаш дизайнерлердин ортосундагы сынактар. Мурда ал Open Way аталышында болгон. Башкача айтканда, жаш дизайнерлер бир же 2 ай мурун өздөрүнүн дизайнердик жумуштарын тапшырышат. Аларга тапшырмалар берилет жана ушул эскиздер боюнча бир нече катышуучу тандалып, подиумга чыгат. Дал ошол жерден мүмкүнчүлүктөрү жогору дизайнерлерди тандап алабыз.

Алты жүз каалоочунун ичинен финалдык этапка болгону 15 жаңыдан өз ишин баштаган кутюрье өттү. Мода жумалыгынын алкагында, подиумда алар өздөрүнүн топтомолорун көрөтүшөт. Сынактын жеңүүчүсү Испания, Италиядагы мыкты дизайнердик мектептерде окуулардан өтөт. Ал эми жаш модельерлердин шыгына Европалык дизайн институтунун серепчилери баа беришет.

ДЖОВАННИ ОТТОНЕЛЛО,  IED ISTITUTO EUROPEO di DESIGN АРТ-МҮДҮРҮ:

- 3 негизги шарт бар. Биринчи кезекте өз ишиңди баштоодон мурун сен өз томтомоңду ким үчүн даярдап жатканыңды билип, аталган кийим сатылышы керектигин түшүнүп, өзүңдүн максаттуу аудиторияңды аныктап алышың керек. Бул ийгиликтин негизги сыры. Экинчи, бул албетте сапат. Жеке эле оргиналдуу костюмдарды эмес, эң мыкты кездемелерден кийүүгө ыңгайлуу болгон кийим болушу абзел. Бул дагы негизги шарт. Чет тилдерин билүү да негизги шарттардын бири. Себеби, сен Европанын рынокторуна чыгып калсаң, бул жөндөмдүүлүк сага керек болот.

Kazakhstan Fashion Week Astana иш-чарасынын катышуучулары, өлкөнүн негизги шаары башка дүйнөлүк саркеч борборлорго чакырык таштап, сулуулук жана стиль жагынан тартуу борборуна айланат деп ишенишет.

АРАЙ АЛИМХАН, АМБАССАДОР KFW ASTANA -2018:

- Азыркы тапта борбор өнүгүп, кызыктуу болуп, жаңыланып жатат. Бул жерде мода тармагына кызыгып жүргөн жаштардын катары калың. Биздин оюбузда мода аянттары жалгыз эле Париж, Милан деген стереотип калыптанып калган. Бирок, азыркы тапта алардын катарына Токио жана Нью-Йорк кирип жатат. Биз дагы ушул багытта бара жатабыз деп айта алам. Себеби, бул мода жумалыгы Борбор Азиядагы эң чоң иш-чара.  Биз ушул багыттагы мыктынын мыктысы болобуз деп ойлойм.

Мыкты чет өлкөлүк дизайнердин мода көргөзмөлөрүнөн сырткары нетворкинг-форматындагы жолугушууларды өткөрүү да көздөлүп жатат. Анда иш-чаранын катышуучулары фэшн-бизнес өкүлдөрү, медиа ишкерлер жана мыкты блогерлер менен таанышып, баарлашууга мүмкүнчүлүк алышат.