Эл аралык «Мода менен сахна» фестивалы он жылдык мааракесин белгилөөдө

Эл аралык «Мода менен сахна» фестивалы он жылдык мааракесин белгилөөдө

Улуттук стилдеги оймо-чиймелер менен кооздолгон көйнөктөр, күн сайын кийип жүрүүгө ыңгайлуу кийимдер менен ата мекендик спорт кийимдери. Эл аралык «Мода менен сахна» фестивалы он жылдык мааракесин белгилөөдө. Ушуга карай Астанада жаш дизайнерлердин жыйынтыктоочу сынагы өттү.

ХАНЫМ АЙДАШ, ИШ-ЧАРАНЫН УЮШТУРУУЧУСУ, ДИЗАЙНЕР:

- Биз алардын өзгөчөлүктөрүн карайбыз же болбосо ошол өзгөчөлүктү таап берүүгө аракет кылабыз. Анын изденүүсүнө ой жүгүртөбүз. Биз ар дайым жаш  дизайнерлерди колдоп, алардын аталган тармакта өз ордун табуусуна кызыктарбыз.

Мода дүйнөсү кездеме менен түстөр эле эмес. Ал идея менен көрүнүштүн айкалышуусу. Ошол идея башкалардан өзгөчө болушу керек. Дизайнерлер эргүү келгенде жаңыча көз караштарды таба алышат. Мисалы, Бириккен Араб Эмираттарынан келген модельер Хадия Шангареева өз топтомосун даярдаганда кофеден эргүү алган. Бала кезинде кофенин жарнамасын көрүп, ушундай түстөр менен кийим-кече тигүү идеясы келгенин айтат.

ХАДИЯ ШАНГАРЕЕВА, ДИЗАЙНЕР, БАЭ:

- Мен өзүмдүн топтомумду «Кофенин укмуштуудай көрүнүшү» деп атадым. Кийимдеримдин баары кофенин түсүндө. Каныккан жашыл, күрөң коюу түстөгү кийимдерди сунуштайм. Бул менин биринчи моделдерим, өзүмө жагат. Кийинки топтомолорум даяр. Бирок, өзүмө кичинекей кезимден жаккан кофеге арналган топтомону алып келүү керек деп чечтим.

Казакстандык дизайнерлердин өзгөчө стили бар, дейт Хадия Шангареева. Анын пикиринде, ата мекендик дизайнерлер чет өлкөлүк бренддер менен атаандаша алат. Бирок, мода индустриясын өнүктүрүү үчүн казакстандык модельерлер дүйнөлүк аренада таанылууга тийиш.