Данэлия Тулешова балдар евровидениесинде

Данэлия Тулешова балдар евровидениесинде

12 жаштагы казакстандык Данэлия Тулешова Junior Eurovision сынагында 3-номур менен чыгат. Бул сынактын ачылыш салтанатындагы чучукулак жараянында белгилүү болду. «Light up! Жан!» - дал ушундай ураан менен бул жылдын эң белгилүү музыка жумалыгы башталды. Эскерте кетсек, аталган сынакка 20 өлкөнүн жаш таланттары катышат. Бул башка жылдар менен салыштырганда эң көп өлкө катышкан музыкалык форум болот. Белгилей кетсек, бул белгилүү эл аралык музыкалык сынакка Казакстан биринчи жолу катышып жатат.

НАТАЛИЯ ЧУРАКОВА, ДАНЭЛИЯ ТУЛЕШОВАНЫН ВОКАЛ БОЮНЧА МУГАЛИМИ:

- Маанайыбыз эң сонун. Башка катышуучулар менен да таанышпыз. Бул абдан кызык. Алар менен жакындан таанышып, өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Себеби, буга чейин алардын кээ бирлерин видео аркылуу гана көрүп келгенбиз. Биздин маанайыбыз майрамдагыдай. Дал ушундай болушу керек. Мелдеш жыйырма бешинде башталат.

Ачылуу аземинин эң көрүнүктүү бөлүгү Mapping show болду. Сахнада компьютердик графика жана 3D проекция аркылуу укмуштуудай сахналаштырылган спектакль пайда болду. Көрүүчүлөрдү кабыл алуучу өлкө улуттук маданияты менен тааныштырды. Данэлия  Тулешованы колдоо үчүн Минск шаарына Казакстандан «Хабар» Агенттигинин» Башкармалыгынын Төрагасы баштаган делегация да барды.

АЛАН АЖИБАЕВ, «ХАБАР» АГЕНТТИГИНИН» БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Маанайыбыз абдан мыкты. Албетте бир аз толкундоолор бар экени талашсыз. Бирок, толкундануунун да өз артыкчылыктары бар десем болот. Себеби, толкунданган кезде мыкты жыйынтык болот деп эсептейм. Азыр биз Беларусь өлкөсүндө, Минск шаарында өтүп жаткандарга суктанып жатабыз. Даярдык абдан мыкты. Абдан жылуу тосуп алышты. Аянт дагы уникалдуу деп ойлойм. Абдан таң калып жатабыз. Эртең Минск-Аренадагы көрүнүштөргө дагы да таң калабыз го дейм.

Европалык Кабар таратуу Бирикмесинин эрежелерине ылайык, ачылыш аземинде сынакты ким ачып, ким жабаары да белгилүү болду. Алар Украина жана Польша.