Британия калкы казак өнөрү жана адабий чыгармалары менен таанышты

Британия калкы казак өнөрү жана адабий чыгармалары менен таанышты

Британия калкы казак өнөрү жана адабий чыгармалары менен таанышты. Лондондо «Руханий жаңыруу: дүйнөдөгү заманбап казак маданияты» форумунун алкагында казакстандык акын-жазуучулар менен сүрөтчүлөрдүн эмгеги көпчүлүккө сунушталды. Ошондой эле, жыйында казакстандык маданиятты чет өлкөдө жайылтуу маселеси күндүн өзөктүү темасына  айланды. Бексултан Нуржекеев жана Бакытжан Тобаяк сыяктуу белгилүү акын-жазуучулар жаңы китептеринин тушоосун кесишти. Ал эми, белгилүү режиссёр Рүстем Абдирашев казак хандыгынын тарыхы тууралуу тартылган «Алмас кылыш» аттуу көп сериялуу телевизиондук тасмасын жарыя кылды. Көркөм сүрөтчү жана айкелчи Руслан Аканаев болсо, «Жыл мезгилдери» жыйнагындагы эмгектерин көрсөттү. Британиялык интеллигенция өкүлдөрүнүн айтымында, мындай иш-чаралар казакстандык маданият менен адабияттын ааламга бир аз жакындоосуна мүмкүнчүлүк берет.

НИК ФИЛДИНГ, ЖАЗУУЧУ:

- Казакстандык коомдо болуп жаткан чоң өзгөрүүлөр жазуучуларды, кинематографисттерди жана сүрөтчүлөрдү шыктандырууда. Менимче, биз өткөндөн келечекке багыт алган интеллектуалдык коомдун жаңы кадамдарына күбө болгону жатабыз.

Белгилей кетсек, жакынкы арада «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында заманбап казак адабияты БУУнун 6 тилине которулат. Бул демилге эл аралык ассоциациянын казакстандык чыгармалары менен жакындан таанышууга, ал эми казакстандык авторлорго дүйнөлүк адабияттык жараянга интеграциялоого мүмкүнчүлүк берет.