Алматыда 14-Эл аралык Шакен Айманов кинофестивалы башталат

Алматыда 14-Эл аралык Шакен Айманов кинофестивалы башталат

Тасма сүйгөн коом дүйнөлүк кинематографтардын мыкты чыгармалары менен казакстандык киночулардын эмгектерин көрүшөт. Жетинин айынын он жетисинде Алматыда 14-Эл аралык Шакен Айманов кинофестивалы башталат. Быйыл иш-чаранын масштабы кеңейет. Көрүүчүлөр менен катышуучуларды түрк элдеринин кино программасы менен коммерциялык эмес көрсөтүүлөр күтүп жатат.

КАНАТ ТӨРЕБАЙ, Ш.АЙМАНОВ АТЫНДАГЫ КИНОФЕСТИВАЛДЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Шакен Аймановдун кинофестивалы быйыл бир аз өзгөрдү. Биз түрк тилдүү дүйнөнүн кино чыгармаларына маани беребиз. Бул жарым миллиард калкы бар мейкиндик. Ага биздин боордош Борбор Азия өлкөлөрү, Якутиядан Түркияга чейинки өлкөлөр кирди. Орусия Федерациясынын курамында бир нече республика бар. Фестивалдын максаты коммерциялык тасманы көрсөтүү, өнүктүрүү эмес. Мыкты эмгектерди көрүүчүлөргө жеткирүү. Быйылкы программа мыкты деп толук ишеним менен айта алам.

Иш-чаранын сынак программасы 3 бөлүмдөн турат. Алардын ар бири казак киносунун мыктысы Шакен Аймановдун «Туулган жер», «Айкалышкан тагдырлар», «Биз ушул жерде турабыз» аттуу чыгармалары сыяктуу аталат. Кинофестивалда чыгармачылык жолугушуулар жана чеберчилик сааттарын өткөрүү көздөлгөн.

КАНАТ ТӨРЕБАЙ, Ш.АЙМАНОВ АТЫНДАГЫ КИНОФЕСТИВАЛДЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Бизге 300дөн ашуун өтүнмө келип түштү. Аларды тандоо иштери жүргүзүлдү. 50дөн ашуун тасманын арасынан түрк тасмалары программасына 12 тасма тандалды. «Дүйнөлүк тасма панормасы» аталышына да 12 тасма тандалды. Ошондой эле 10 чыгарма –казакстандык өндүрүш. Алардын арасында бир нече премьера өттү. Жакында гана жарыкка чыккан эмгектер бар. Казак тасмасы сынагында, казак программасында даректүү жана  анимациялык тасмалар каралган. Мунун баары көрүүчүлөр үчүн абдан кызыктуу болот деген ойдомун. Өтө масштабдуу иш-чара.

Кино жумалыгында көрүүчүлөргө Венеция жана Канн кинофестивалынын картиналары да сунушталат. Ошондой эле Африка жана Латын Американын мыкты чыгармалары көрсөтүлөт.