Астанада Денис Тенге арналган көргөзмө ачылды

Астанада Денис Тенге арналган көргөзмө ачылды

Дүйнө чемпионаты, Олимпиада, Кышы Универсиада жана Азия оюндарынын женүүчүсү. Денис Тен бүткүл дүйнөгө өз ишинин чебери жана эң мыкты музбийчиси катары белгилүү болгон. Бирок, дүйнө коомчулугу анын башка жактары менен тааныган эмес. Денис ыр чыгарып, сүрөт тартууга кызыктар болгон. Алардын бир нечесин астаналыктар угуп, өз көзү менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Астанада бул дүйнө менен эрте коштошуп кеткен Дениске арналган көргөзмө ачылды. Аны «Денис Тен» фонду уюштурган. Бул жерде үй-бүлөсү менен достору артисттин өз өнөрүн тартуулап аткан мезгилдериндеги сүрөттөр, видеороликтер жана өзү жазып, аткарган ырлары сунушталган. Акыркы муз шоусунда кийген кийими менен конькиси да көргөзмөгө коюлду. Экспозициянын ачылышына Денистин досу – Жаш өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын эки жолку чемпиону орусиялык Елена Радионова Казакстанга атайын келди.

ЕЛЕНА РАДИОНОВА, ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ:

- «Денис жана анын достору» шоусунда тартылган видеону көрүү абдан оор. Ал жакында эле болгон. Денис улуу спортчу, өз өлкөсүнүн баатыры. Денисти эч качан унутпайбыз, анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк калат.

«Денис Тен» фондунун башкы максаты – муз бийчисинин ишин улантып, Казакстанда бул спорттун өнүгүшүнө көңүл бөлүү. Алар муз үстүндө бийлөө академиясын ачып, Денис Тендин сценарийи боюнча тартылган тасманы жарыкка чыгарууну көздөп жатышат. Ошондой эле ырлар жыйнагы басылып, музыкалык альбом чыгарылат.