«Айка» тасмасы Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге ээ болду

«Айка» тасмасы Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге ээ болду

Казакстандык актриса Самал Еслямова башкы ролду аткарган «Айка» тасмасы Германияда өткөн 28-эл аралык кинофестивалда баш байгеге ээ болду. Котбус шаарындагы сынакта 40 өлкөдөн 190 тасма сынга коюлган. Баш байгеден сырткары «Айка» калыстардын атайын байгесине да татыды. Белгилей кетсек, тасманы режиссёр Сергей Дворцевой тарткан. Эмгек мигрантынын өмүрү менен анын Москва шаарында көргөн кыйынчылыктары тууралуу тасмага жергиликтүү көрүүчүлөр жогору баа беришти. Алардын айтымында, Самал Еслямованын ролду чын жүрөгү менен аткаруусу тасманын көркүн чыгарган. Эскерте кетсек, Самал Еслямова Канн фестивалында да мыкты актриса аталган.

СЕРГЕЙ ДВОРЦЕВОЙ,  «АЙКА» ТАСМАСЫНЫН РЕЖИССЁРУ:

- Мен ушундай фестивалдарга көптөн бери катышып келе жатам. Албетте эмгегиңдин бааланганы кубандырат. Тасманын тартуу иштерине даярдык башталганда ойлонбостон Самалды ролго бекиттим. Улуту кыргыз болбосо да, кыргыз тилин үйрөнүп, абдан жакшы ойноду.