«Астана Опера» Генуяда өнөр көрсөттү

«Астана Опера» Генуяда өнөр көрсөттү

«Астана Опера» Генуяда өнөр көрсөттү.  Казак операсынын берметтерин сахналаштыруу үчүн Италияга 300 ашуун адис барды. Өнөр жамааты байыркы «Карло Феличе» театрындагы гастролун «Абай» операсынын бет ачары менен баштады.

АЛАН БӨРИБАЕВ, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАШКЫ ДИРИЖЕРУ:

- Мухтар Ауезовдун улуу чыгармасын музыканын тили менен жеткирүүгө аракет кылдык. Экинчи жагынан, бул оюн Казакстандын руханий байлыгын көрсөткөн кайрылуубуз болду.

«Карло Феличе» театры 19-кылымда салынган. Өнөр борбору экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жабылып, узак убакыт оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бүгүнкү күндө театрдын чоң залына эки миң көрүүчү эркин батат. Бул сахнада дүйнөнүн көптөгөн белгилүү инсандары өнөр көрсөтүшкөн.

ДЖУЗЕППЕ АКУАВИВА, «CARLO FELICI» ТЕАТРЫНЫН АРТ-МҮДҮРҮ:

- Бул репертуарыбыздагы укмуштуудай оюнубуз деп ойлойм. Ал казак элинин салтын көрсөтөт.

Жергиликтүү көрүүчүлөр оюндун маанисин түшүнүшү үчүн атайын субтитрлер даярдалган. Спектакль дүйнөнүн 40 өлкөсүндө көрсөтүлдү.

МИМИ КОСТА, КӨРҮҮЧҮ:

- Бул укмуштуудай спектакль. Сценографиясы, каармандар, кийимдери, айрыкча үндөрү таң калтырды. Бул угуп, көрүп жүргөнүбүздөн башкача. Сахнада болуп жаткан окуя да өзгөчө.

Гастролдук сапардын көшөгөсү симфониялык оркестрдин аткаруусундагы Бетховендин белгилүү “Номер тогузунчу сифониясы» менен жабылды.