«Улуу Жибек Жолу» тууралуу мультфильм жарык көрөт

«Улуу Жибек Жолу» тууралуу мультфильм жарык көрөт

«Улуу Жибек Жолу» тууралуу мультфильм жарык көрөт. Казакстан анимациялык ассоциациясынын президенти Гали Мырзашев Батыш менен Чыгышты байланыштырган байыркы кербен жолу тууралуу уламыштын казакча нускасын сунуштайт. Бул «Жибек Жолу» долбоорун даңазалай турган алгачкы толук метраждуу анимациялык тасма болот.

ГАЛИ МЫРЗАШЕВ, КАЗАКСТАН АНИМАЦИЯЛЫК ТАСМА АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ, МУЛЬТИПЛИКАТОР:

- Менин аталган долбоордогу максатым – элдерге достуктун, тынчтыктын баалуулугун көрсөтүү. Бири-бирибизге каршы турбай, маданиятты сактап достошууну чагылдыруу. Аталган долбоор сабырдуулукка үйрөтөт.

Мультфильмдин сценарийи чет өлкөлүк кесиптештери менен бирге 5 жылдын ичинде жазылган. Чыгарманын башкы  каарманы – Жибек аттуу кыз. Тасмада аны менен бирге  ажыдаар, император сарайы сыяктуу кытай элементтери кездешет. Жаңы эмгек  Жибек Жолун даңазалап, дүйнө элин достукка чакырат.

ГАЛИ МЫРЗАШЕВ, КАЗАКСТАН АНИМАЦИЯЛЫК ТАСМА АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ, МУЛЬТИПЛИКАТОР:

- Кытай коомчулугунда мени түшүнгөн, кабыл алган, колдогон адистердин көп экени кубандырды. Алар да Жибек Жолун даңазалоонун маанилүүлүгүн айтып жатышат. Ошондуктан жаңы деңгээлге чыгып, Дисней менен атаандашышыбыз керек. Азыркы тапта биз биргеликте ушул багыттагы жумуштарды аткарып жатабыз.

Аны менен бирге, эл аралык аудиторияга арналган «Кербен» аттуу мультсериал даяр турат. Азыр долбоорду каржы жактан колдой турган  инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.