«Амире» тасмасы Голливуддагы кинофестивалда жеңүүчүсү аталды

Казакстандык «Амире» көркөм тасмасы Голливудда өткөн ири кинофестивалдан байгелүү кайтты. Казактын кайталангыс таланттуу ырчысынын жаркын өмүрүн баяндаган тасма Германия, Франция, Чили, Жапония, Швеция жана башка көп өлкөлөрдөн катышкан тасмалардын ичинен мыкты аталды. Бул тууралуу тасмада башкы ролду аткарган актёр Санжар Мадиев өзүнүн социалдык баракчасында жарыялады. Бүткүл дүйнөлүк кинематографияда музыкалык драма жанрында тартылган тасмалар көп эмес. Ошондуктан бул жанрдагы картина кино сүйүүчүлөрүнө өзгөчө таасир берди. Убагында Парижге багыт алып, ал жакта джаз композитору Джордж Гершвин менен достошуп, ыр ырдап, табити жогору журтту таң калтырган казак теноруна арналган эмгек Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин буйругу менен тартылган.