Жетинин айында Минск шаарында «Балдар Евровидениеси-2018» сынагы өтөт

Жетинин айында Беларусь борборунда бардык шаарлардын жаш таланттары чогулат. Минск «Балдар Евровидениеси-2018» сынагынын катышуучуларын кабыл алат. Уюштуруучулар эл аралык иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө кепилдик беришүүдө. «Junior Eurovision» тарыхында биринчи жолу Казакстан Данэлия Төлешованы сынакка аттантат. Сынчылар анын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап жатышат.

ГҮЛЖАЗИРА МОЛДАЖАНОВА, БЕЛАРУСТАГЫ КАЗАК ДИАСПОРАСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Eurovision сынагына Казакстан биринчи жолу катышарын жана Данэлия Түлешова өз өнөрүн тартуулай турганын билебиз. Ал бул сынакта «Өзүңө ишен» ырын аткарат. Жетинин айынын жыйырма бешинде Данэлияны колдоо үчүн Минск-аренасына үй-бүлөбүз менен бирге барабыз. Ал биздин колдообузду сезет деп ишенебиз.

Беларусь эстрадасынын жылдызы Ольга Сацюк да Данэлияга жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Мындан 15 жыл мурун Ольга да абройлуу сынакта өз өлкөсүнүн намысын коргогон.

ОЛЬГА САЦЮК, ЫРЧЫ:

- Эң биринчи, бул Данэлиянын өмүрүндөгү жана өлкөнүн жашоосундагы  маанилүү кадам болот. Себеби, өлкөңүздөрдүн ушул сынактагы тарыхы Данэлия ысымы менен түз байланышат. Гагарин сыяктуу биринчи жол салуучу болуу улуу сый. Данэлия ушул милдетин жогорку деңгээлде аткарарына ишенем.

16-«Junior Eurovision» ыр сынагы Минскте жетинин айынын жыйырма бешинде өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл эл аралык сынакка катышуучулардын саны абдан көп. Таланттуу жаштар сынагын «Хабар» телеканалынын көрүүчүлөрү түз эфир аркылуу көрө алышат.