Казакстан эл аралык «World Travel Show» туристтик көргөзмөсүнө катышты

Казакстан эл аралык «World Travel Show» туристтик көргөзмөсүнө катышты. Борбор жана Чыгыш Европадагы эң ири иш-чарага бүткүл дүйнөдөн 500дөн ашуун туристтик багыт сунушталды. Өлкөнүн эң ири беш туроператору катышуучуларды казак жерине саякаттоого чакырды.

ТАТЬЯНА ВЕРНИТСКАЯ, ТУРКОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ:

- Астана, Алматыга эле эмес, бүткүл Казакстанды көрө ала тургандай багыттарды түздүк. Табиятыбыз өтө кооз эмеспи. Алматы менен Алтайдагы тоолорубузду көргөндө кубанычта чек жок болот. Өлкөбүздүн батышына барып, чөл өңдүү жерлерде балбалдар менен төөлөрдү көрүп таң калышат. Мындай кооздукту өмүрүндө көрүшкөн эмес, Европада мындай жок.

Бурабай, Шарын капчыгайы, Байкоңур, ошондой эле, Жибек Жолунун бою менен жан эргиткен саякаттоо. Табити жогору чет өлкөлүк туристтерге сунуштар арбын.

АСЕЛ РАКЫМЖАНОВА, ТУРКОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ:

- Көптөгөн туристтердин суроо-талабына ээ Улуу Жибек Жолу сыяктуу турларды сунуштап жатабыз. Ошондой эле, Алматы аймагына турларыбыз бар. Ага Шарын капчыгайы, Көлсай көлдөрү жана аймактын башка да көрүнүктүү жерлерине баруу кирет. Туристтер тарабынан кызыгуу бар, көбү өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн биринчи жолу ачып жатышат, көптөгөн көрүнүктүү жерлерибиз тууралуу биринчи жолу угуп жатышат.

Казакстандын павильонуна келе тургандар казактын бауырсагы менен курутунан ооз тийип, өз колдору менен жент жасоого мүмкүнчүлүк алышты.

КАСЯ,  ВАРШАВА ТУРГУНУ:

- Казакстандын стендинде таң калтыра турган десерт даярдашат. Азыр даамын татып көрөм, бирок, даамын сезүү үчүн  бир нече мүнөт күтүү керек. Бул жерде Польшада кездешпеген таттуулар бар. Ошондуктан ушул жерге келдим. Казакстанга барган эмесмин, бирок, Улуу талаа элине баргым келип жүрөт.

Казакстан павильонуна келгендер өлкөнүн бай маданияты менен да таанышып жатышат. Шаңкобыз, дабыл жана сазсырнайдын өзгөчө үнүн биринчи жолу угушту.

НУРСУЛТАН ОТАР, МУЗЫКАНТ:

- Бул долбоордо биз казак элинин музыкалык аспаптарын тааныштырып жатабыз. Бул сазсырнай тууралуу айта турган болсок, анын тарыхы өтө байыртадан башталат. 12-14-кылымдарда өркүндөгөн Отырар шаарында казуу иштери убагында ушул музыкалык аспап табылган экен. Ага сазсырнай аталышын берген Болат Сарыбаев агабызга миң мертебе рахмат. Албетте, бай маданиятыбыздын бардыгын көрсөтө албайбыз, бир четин гана көрсөткөнүбүздө чет өлкөлүк коноктор абдан таң калып жатышат. Бизге ал шык берет. Биз өз өлкөбүз менен сыймыктанабыз.

Быйыл жарым жылда Казакстанга келген Польшалык туристтердин саны 27 пайызга өскөн. Буга визасыз тартип менен эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдардын пайда болушу таасир берди.