Анкарада «Көк ту» маданий коому түзүлдү

Казак маданиятын жайылтуу, Түркияда жашап жаткан казакстандыктардын арасында казактын улуттук маданияты менен каада-салттарын жарыялап, башка улут өкүлдөрү менен байланыш орнотуу. Анкарада түзүлгөн «Көк ту» маданий коомунун кызматы ушул максатты көздөйт. Ошондой эле, казак диаспорасы гана эмес, Түркиянын билим  борборлорунда билим алып жаткан жаштарды бир түндүк астында бириктирүү – коомдун алдыга койгон дагы бир максаты.

ЛЯЗЗАТ МУЛАЗИМОГЛУ, КООМДУН ТӨРАЙЫМЫ:

- Биздин коом «Көк ту» деп аталат. Биздин максат - Казакстандын маданияты менен тааныштырып, аны жайылтуу. Биздин салттарыбыз окшош. Эки өлкө ортосундагы карым-катнашты күчөтүүнүн үстүндө иштейбиз.

Жалпы Анадолу аймагында алгач XX кылымда түзүлгөн казактардын ар түрдүү коомдору бар. Ал эми, көз карандысыздык алгандан кийин келген казакстандыктардын башын бириктирген мамлекеттик эмес уюм болгон эмес. Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчунун пикиринде, мындай биримдиктер түбү бир түрк журтунун кызматташтыгын мындан ары жогорулатат.

ЯЛЧЫН ТОПЧУ, ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИНИН БАШКЫ КЕҢЕШЧИСИ:

- Түрк дүйнөсүндө мамлекеттик эмес уюмдардын санын көбөйтүшүбүз керек. Себеби, бул сыяктуу коомдор өлкөдөгү демократиянын жогорку көрсөткүчү катары саналат.

Иш-чаранын аягында «Осмон мурасындагы маалыматтар боюнча казак – түрк мамилелери» аттуу көргөзмө уюштурулуп, казакстандык мода үйүнүн улуттук кийимдер көргөзмөсү өттү.