Белгилүү композитор Төлеген Мухамеджанов 70 жашка толду

«Өмүр дайрасы». Белгилүү композитор Төлеген Мухамеджанов өнөрдү сүйгөн коомго жаңы долбоорлорун сунуштады. Быйыл 70 жылдыгын белгилеген обончу өзүнүн  угармандарын таң калтыруудан тажабайт. Жүздөгөн белгилүү чыгарманын автору кеченин алкагында жаңы долбоолордун  бет ачарын өткөрдү. «Бул чыгармалар эргүүгө толгонбу же жокпу мен калыс эмесмин. Ошентсе да, алардын ар биринен менин өмүрүмдүн бир бөлүгүн табууга болот», - дейт автор.

ТӨЛЕГЕН МУХАМЕДЖАНОВ, КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- «Өмүр дайрасы» альбому аркылуу өз чыгармачылыгыма өзгөчө көз караш менен карадым десем болот. Альбомго ар кайсы мезгилдерде жазылган обондорум кирди. Ошондуктан алардын мен үчүн орду өзгөчө. Менин оюмча, бул обондордун баары өзгөчө чыкты. Ошондуктан аны болушунча көп адам уга алат.

Бул – Төлеген Мухамеджановдун 12-альбому. Ага композитордун 14 чыгармасы кирген. Алардын арасында алгачкы чыгармалары менен бирге, Төлеген Мухамеджановдун акыркы аспаптык композициялары бар. «Балалык чактын обону», «Махабат обону» жана «Сүйүү станциясы» тасмасынын музыкасы кирген. Мындан башка, жолугушуунун алкагында композитор «Жан Луна» лакап аты менен «Сага сүйүү менен» жаңы поэзиялык жыйнагын сунуштады.

ТӨЛЕГЕН МУХАМЕДЖАНОВ, КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Мен акын катары «Жан Луна» лакап атын тандап алдым. Ал кандай маанини берет дегенде, мен «Жан» деген фамилиямдан алынды деп айтам. Негизи жан деген сөз казакта көп маанини билдирет. Ал эми «Луна» деген «ай». Ай чыккан кезде ар бир адам өзүнүн романтикалык ааламына сапар алат. Ошондуктан «Жан Луна» лакап аты аркылуу менин өмүргө болгон лирикалык көз карашымды жеткиргим келди. Негизи мен музыкада да, поэзияда да лирикмин, романтикмин.

Төлеген Мухамеджановдун чыгармачылыгы чет өлкөлүк көрүүчүлөр тарабынан да ар дайым жогорку баага ээ. Анын өз сезимин билдерген «Объяснение в любви» жыйнагы Москвада 2 жума ичинде сатылып бүткөн. Кийин акындын ырлары Парижде да тааныла баштады. Жан Луна «Дель Мундо» жазуучулар биримдигине да мүчө.