Төле Бийдин өмүрүн чагылдырган телесериал

Өлкөнүн санжыралуу тарыхын таануу. Түркестан облусунда Улуу жүздүн белгилүү жетекчиси – Төле бийдин үлгүлүү өмүрүн чагылдырган телевизиондук тарыхый телесериалдын тартуу иштери аягына чыгып жатат. Тартуу тобунун айтымында, бул жаштардын туулган элинин салтын жаңыртып, түпкү тамырына көңүл  бурдура турган картина болот.

САТЫБАЛДЫ НАРЫМБЕТОВ, КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИ:

- Биздин тарыхыбыз бизге гана керек. Казактарда: “Жети атасын билбеген жетим” деген жакшы макал бар. Аталган макалды тереңирээк карай турган болсок, биз өткөн ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун, кандай жашап өткөнүнө, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымына көз чаптырып, алар жөнүндө маалымат алсак, биз тарыхыбыздан  кабардар боло алабыз. Казак мамлекетинин түптөөчүлөрүнүн негизгиси Абылайхан. Анын замандашы ким болгон? Албетте – Төле бий. Ал биздин телесериалыбыздын башкы каарманы.

Он сериялуу тасманын үстүндө чоң чыгармачылык топ иштеп жатат. Картинанын авторлору Төле бийдин балалык чагынан баштап, башчы болгонго чейинки өмүрү менен кызматын толук камтууга аракет кылышкан. Тасманы тартуудан мурун тарыхый окуяны так берүү максатында башкы каармандардын мезгилиндеги турмуштук каада-салт, калктын үрп-адаттары толук изилденип чыккан.

БАТЫРХАН ДАУРЕНБЕК, ТАСМАНЫН БАШКЫ РЕЖИССЁРУ:

- Биз Төле бий чындыгында кандай акылман жана адилеттүү саясатчы болгонун көрсөткүбүз келет.  Ал 9 жашынан баштап эле туура чечимдерди кабыл ала баштаган. Ал кандай өскөнүн, кан төгүүнү токтотуп адамдарды жараштыра алган улуу бий болгонун көрсөтөбүз. Тасмада трагедиялуу окуялар, ачкачылык, жер чыр-чатактары бар. Төле бий ар дайым адилеттүү чечим кабыл алганына күбө болобуз.

«Жети Жаргы» мыйзам жыйнагын чыгаруучуларынын бири болгон Төле бийдин ролун аткаруу актёр үчүн чоң сыймык, чоң тажрыйба. Телесериалда башкы каармандын ар кайсы жаштагы кейпин ачуу үчүн 4 актёр ойнойт.

САГЫНДЫК ЖУМАДИЛ, БАШКЫ РОЛДУ АТКАРУУЧУ:

- Ал биринчи кезекте өтө даанышман адам болгон. Мындай улуу инсандын ролун аткаруу оңой эмес. Төле бийдин беделин, акылын сөз менен жеткире албайсың. Аны ички жан дүйнөң менен сезе билишиң керек. Ошондуктан анын бейнесин ачып, чыныгы образын алып чыгуу татаал жумуш.

Негизги тартуу иштери Түркестан аймагы менен облус борборунда, Капшагайда жүргүзүлдү. Азыркы тапта Ордобасы тоосунун боорлорунда согуш талаасындагы салгылашуулардын көрүнүштөрү коюлууда. Ошондой эле, Ташкентте бир нече эпизоддор тартылат. Алдыдагы айга чейин бардык тартуу иштери аягына чыгат деп пландалган. Ал эми кийинки жылдын чын куран айында көрүүчүлөргө тартууланат.