Белгилүү бүркүтчү кыз - тарыхый ата мекени Казакстанда билим алууну көздөп жатат

Казактын атын алыска тааныткан этникалык казак – бүркүтчү-кыз тарыхый ата мекенинде билим алууну көздөп жатат. Айшолпан Нургайып кызы Астанада англис тилин үйрөнүүнү пландоодо. Базалык билими анын чет өлкөдөгү атактуу Гарвард университетинде окуусуна мүмкүнчүлүк берет.

ЕРЛАН САГАДИЕВ, КР БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ:

- Дүйнө жүзүнө белгилүү бүркүтчүнү бүгүнкү күндө дүйнө университеттери чакырууда. Ошентсе да Айшолпан 2-3 жыл Казакстанда окуу тууралуу чечим чыгарып жатат. Бул казак-монгол кызматташтыгын мындан ары бекемдейт. Биз кызматташтык алкагында жыл сайын ушул районго окуу куралдары жана китептерди жиберип турабыз. Ал жерде 7-8 казак мектеби бар.

Дүйнөгө белгилүү казактын эр жүрөк кызы Казактанга биринчи жолу келди. Бул жерде Айшолпан туулган жеринин тарыхы жана кооз жайлары менен таанышты. Ал улуттук музейдеги ар бир экспонатка жогору кызыгуу менен карап чыкты. Айрыкча, бүркүтчү кызды павильондогу жырткыч куштун каракчы бейнеси кызыктырды.

АЙШОЛПАН НУРГАЙЫП КЫЗЫ, БҮРКҮТЧҮ:

- Биздин ата-бабалар байыртадан алгыр куштар менен аң уулап келишкен. Менин байкем бүркүтчү эле. Окуусун аяктагандан кийин кетип, мен анын бүркүтүн карай баштадым. Биринчи машыгуумду 8 жашта баштадым. 10 жашымда атам менен аң уулоого чыккам. Алгыр куштар менен ууга чыгуу оңой жумуштардан эмес. Жайында бүркүттүн салмагы 15-20 кг, ал эми кышында 8-10го жетет.

Эң жаш бүркүтчү-кызды дүйнө эли мындан 2 жыл мурда тааныган. Куштар менен аң уулоону мыкты өздөштүргөн Монголиянын кичинекей тургуну тууралуу америкалык режиссер Отто Белл кыскаметраждуу тасма тарткан. Айшолпандын жети атасы да аң уулоо менен алектенген. Бүркүтчү кыздын атасы бардык тажрыйбасын Айшолпанга үйрөткөн. Себеби, анын айтымында, бул касиет Айшолпанга гана берилген.

Заманбап дүйнөдөгү көчмөн жашоосунун символуна айланган кызга бардык дүйнөлүк ЖМКлар кызыгуу артууда. Ушул күнгө чейин Айшолпан дүйнөнүн 30 өлкөсүн кыдырууга жетишкен. Алардын катарында анын тарыхый мекени – Казакстан да бар.