Улуттук музейде «Үч коңур» көргөзмөсү ачылды

«Үч коңур». Дал ушундай аталыш менен Улуттук музейде көргөзмө ачылды. Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин кичи мекенине арналган көркөм кездемелер, уникалдуу экcпозиция өзүнө 16 белгилүү казакстандык сүрөтчүнүн жыйырма эки эмгегин камтыйт. Белгилей кетсек, көргөзмөгө коюлган эмгектер өткөн жылы тушоосу кесилген Эл башчынын “Үч коңур” фотоальбом - учкул сөздөр жыйнагына кирди. Долбоордун автору Вячеслав Титенёвдун айтымында, эксклюзивдүү басылмага Өлкө башчысынын афоризм жана учкул сөздөрүнөн жазылган 120 көркөм эмгектер кирген. Алардын көпчүлүк бөлүгү казакстандык сүрөтчү-классиктеринин мурасы болгон, заманбап кыл калем чеберлери чагылдырган эмгектер.

ВЯЧЕСЛАВ ТИТЕНЕВ, ДОЛБООРДУН  АВТОРУ:

- Долбоор Президенттин кичи мекенине арналган. Бул көргөзмөнүн максаты - Президент өз кыймылын кайсы жактан баштаганын, кандай ойлонгонун, кантип жетилгендигин, кандай чөйрө жана кандай адамдар курчагандыгын, анын учкул сөздөрүн картиналар аркылуу көрсөтүү. Бардык адамдар өз кичи мекенинде өскөндөй эле.

Сүрөтчүлөрдүн айтымында, Өлкө башчысынын учкул сөздөрүн кездемеге чагылдыруу оңой болгон эмес. Аталган ойду иш жүзүнө ашыруу үчүн Республика Президентинин жашоосу жана ишмердүүлүгү боюнча терең билимге ээ болуу керек эле.

МУХТАР СЫЗДЫКОВ,  ДОЛБООРДУН КАТЫШУУЧУСУ, КР СҮРӨТЧҮЛӨР БИРИКМЕСИНИН МҮЧӨСҮ:

- Ал жаш кезинде атасы менен бирге алма терген. Үч коргондо алардын алма багы болгон. Ал атасы менен алма тергенди жактырчу. Дал ушул ностальгия, жаш кездеги романтика, таза көз караштар, балалык аруулук, чоң кубаныч. Булардын баары биздин Тунгуч Президентибиздин бала чагында болгон.

Алматы облусунун кайталангыс, кол тийбеген сулуулуктары. Бул кооздуктарга ойлонулган түстүк гамма, ар кандай түстөрдү, кайталангыс ыкмаларды колдонгон ата мекендик сүрөтчүлөрдүн ар түрдүү чеберчиликтери аркылуу күбө боло алышат. Белгилей кетсек, каалоочулар көргөзмөнү аяк оона айынын онуна чейин көрө алышат.