Омскийде «Той Думан» аталышындагы аймак аралык маданият жана спорт майрамы өттү

Омскийде «Той Думан» аталышындагы аймак аралык маданият жана спорт майрамы өттү

Омскийде «Той Думан» аталышындагы аймак аралык маданият жана спорт майрамы өттү. Аталган мааракеге Орусия, Тажикстан, Казакстан менен Германиянын артисттери катышты. Аталган иш-чара «Руханий жаңыруу» программасынын алкагындагы 8-улуттук фестиваль.

АСЫЛБЕК ШАХВАЕВ, ОМСК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Жыл сайын дал ушундай мааракеге келебиз. Эмне үчүн келбешибиз керек?! Жан дүйнөң жыргайт го. Концерт көрүп, угуп. Биздин балдар өз тилин жана өз салттарын утупашы үчүн келебиз.

ТАМАРА ПИЛИПЕЦКАЯ, ОМСК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Биздин көз алдыбызда ушундай кооз улуттук кийимдер, каада-салттар, тамак-аштар, албетте бул абдан сонун. Ушундай майрамдар көп болсун.

Шаардык Агропарк бир күнгө этно айылга айланды. Келген конокторду улуттук тамак-аштан ооз тийип, улуттук оюндарда өз тапкычтыгы жана шамдагайлыгын текшерип көрө алышты. Өз күчүн Казакстан, Орусия менен Тажикстандын балбандары сынашты.

Бул жолку «Той Думан» майрамы белгилүү казакстандык ишмерлер Магжан Жумабаевдин 125 жылдыгына, Сегиз Серинин 200 жылдыгына жана Кожаберген Жыраунун 355 жылдыгына арналды.

АЛТЫНАЙ ЖУНИСОВА, «МӨЛДҮР» СИБИР-КАЗАК МАДАНИЙ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:
- Орусия Федерациясында биздин сибирь-казак борборубуз 29-жыл мурун пайда болгон. Биз өз ишибизди 1989-жылы баштаганбыз. «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында Казакстанда ушул сыяктуу көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп келет. Биз дагы руханий жаңыруу жана улуттук салттарды сактоого багытталган иш аракеттерди жасап келебиз.

Жалпы Орусиянын Омск облусунда 300 миң казак жашап келет. Эне тилди, каада-салт жана үрп адаттарды сактоого бардык шарттар түзүлгөн.