Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасады

Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасады

Бишкекте башаламандыктар токтоду. Кыргыз парламентинин алдындагы аянтта эл көп, бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери көрүнбөйт. Парламенттин имаратындагы өрттү өрт өчүргүчтөр өчүрүп, аянтты тазалашты. Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өз ыктыярлары менен кызматтан кетишти. Акыркы маалыматтар боюнча, митингчилер улуттук ишеним өкмөтүн түзүүнү көздөп жатышат. Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасады.

Ошондой эле Кыргызстандагы коммерциялык банктарга ишин убактылуу токтотуп турууга сунуш берилди. Мындан тышкары, өлкөдөгү башаламандыктардан улам мектептер аралыктан окутууга өткөрүлдү.

 

Фото: 24.kz