USAID Борбордук Азиянын энергетика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо программасын ишке кошту

USAID Борбордук Азиянын энергетика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо программасын ишке кошту

Борбордук Азиядагы регионалдык энергетика тармагындагы кызматташууну чыңдоо. Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жаңы беш жылдык регионалдык энергетикалык программанын ишке кошулуусун жарыялады. Power Central Asia, тагыраак айтканда, «Борбордук Азиянын кубаты» аттуу долбоорунун наркы 38,9 миллион долларды түзөт. Бул аймактын беш өлкөсүнө - Казакстан,га Кыргызстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Өзбекстанга - улуттук энергетикалык артыкчылыктарга жетишүүгө, энергетикалык ресурстар менен чек ара соодасынын экономикалык натыйжаларын алууга жана аймактык энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга жардам берет.

Программа өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө, коммуналдык кызматтарга жана башка кызыктар тараптарга ички энергетикалык рынокто реформаларды өнүктүрүүгө жардам берет. Бул региондогу салттуу жана жанма энергия булактарынан алынган таза энергетикалык технологиялардын дараметин жогорулатуу менен бирге, алардын кеңири жайылышына өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, ал электр энергиясын өндүрүү муктаждыктарын суу ресурстарын башкаруунун башка артыкчылыктары менен тең салмакташтырууга, ошондой эле USAID программасынын алкагында түзүлгөн купуя маалыматтардын коопсуз башкарылышын камсыз кылууга жардам берет. Бул максаттарга жетүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү агенттиги бир катар жергиликтүү жана аймактык өнөктөштөр менен иштешет.

Буга байланыштуу акыркы он жыл ичинде USAID уюму Борбордук Азиядагы экономикалык жактан пайдалуу регионалдык энергетикалык тутумдун пайдубалын түптөөгө колдоо көрсөттү. Ошондой эле энергиянын кайра жанма булактарын өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук базаны чыңдоо, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу, энергетика тармагын санариптештирүү жана кибер коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жаатында иш алып барган.

 

Фото: kz.usembassy.gov