COVID-19 Борбордук Азияда: илдеттин экинчи толкунуна даярдык жана чек аралардын ачылуусу

COVID-19 Борбордук Азияда: илдеттин экинчи толкунуна даярдык жана чек аралардын ачылуусу

Кыргызстан коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярданууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө кайрадан илдет өрчүгөн учурда медициналык беткаптар, костюмдар жана дары-дармектердин жеткиликтүү кору иштелип чыккан. Ошондой эле кооптуу илдетке чалдыккан бейтаптарды дарылоонун сапатын жогорулатууга көңүл бурулат. Учурда ар кандай адистиктеги дарыгерлер менен медайымдардан турган атайын топтор түзүлүп жатат. Биринчи топко 28 адис кирген. Алар тренингдерден өтүп, вирус жуккан адамдарга ар тараптуу жардам көрсөтөт. Жалпысынан өлкө боюнча 50 жакын ушундай топторду түзүү көздөлүп жатат.

Белгилей кетсек, акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 167 жаңы учуру катталган. Жалпысынан республика боюнча кооптуу инфекция менен катталган 46 миң 522 адам бар. 42 миң 761 бейтап илдеттен толугу менен айыгып чыккан.

Өзбекстандын бийлиги тогуздун айынын биринен тарта өлкөгө автоунаа, аба жана темир жол каттамындагы чектөөлөрдү алып салууга ниеттенүүдө. Бирок карантиндик жана санитардык талаптардын бардыгы эске алынып, так сакталышы керек. Мындай чечимди Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссиясы кабыл алды. Эл аралык жана темир жол каттамдары менен келген жүргүнчүлөр эпидемиянын алдын алуу боюнча баш оона айынын 31-күнүндөгү убактылуу жарлыктын жоболорун аткарууга милдеттүү. Казакстанга, Түркмөнстанга, Тажикстанга жана Ооганстанга автоунаа жолу менен кирген жарандар ПЧР тестин, эксперсс-тест же коронавируска каршы антителого анализин тапшыруу милдеттүү болот. Кийин алар мейманканада же үйдө бир суткага карантинге жиберилет.

Өлкөдө бир суткада 477 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул кезге чейин 55 миң 878 адам илдетти жуктурган. Дагы 501 бейтап ооруну жеңип чыккан. Жалпысынан 52 миң 466 өзбекстандык толугу мене айыгып чыкты.

Ал эми Тажикстанда кооптуу инфекцияга чалдыккандардын саны азайып баратат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Эмомали Мирзоев билдирди. Анын айтымында, аяк оона айынын башынан бери коронавирустук инфекциянын жуктуруу көрсөткүчү 28-30 адамды түздү. Өткөн суткада 39 адам илдетке чалдыккан. Өлкөдө жалпысынан 9685 учур катталган. Алардын 8483үайыгып чыкты.

Түркмөнстанда болсо коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

 

Фото: 112.ua


×