Борбордук Азия журналисттеринин MediaCAMP Fest II медиа фестивалы башталды

Борбордук Азия журналисттеринин MediaCAMP Fest II медиа фестивалы башталды

Жыл сайын өтүүчү Борбордук Азиядагы MediaCAMP Fest II фестивалына Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 500 ашуун адис катышууда. MediaCAMP аймактык программасы АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган иш-чара. Ал аяк оона айынын 19-күнүнө чейин созулат. Фестиваль алкагында онлайн тренингдер, дарстар, кинофильмдерди көрсөтүү, ар кандай сессиялар, талкуулар жана ток-шоулар уюштурулат.

«Бул жылы биз MediaCAMP беш жылдык программасынын алкагында экинчи фестивалды жана сынакты өткөрүп жатабыз. Бул фестивалды «Журналистика өзгөрүүлөр дүйнөсүндө» деп бекеринен атаган жокпуз. Учурдагы кырдаал биз өзгөрүүлөргө даяр болушубуз керектигин көрсөттү. Журналисттик кесиптин маанилүүлүгүнө дагы бир жолу ынандык. Пандемия журналистика жана ММКнын маанилүүлүгүн түшүнүүгө түрткү берди», - деди фестивалдын ачылышында Борбордук Азиядагы Internews өкүлчүлүгүнүн мүдүрү Марат Бигалиев.

Уюштуруучулардын айтымында, MediaCAMP Fest регионалдык журналисттер үчүн кесипкөй аянтча болуп калды, анда алар өз тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүп гана тим болбостон, карантиндик иш-чаралар учурунда COVID-19 эпидемиясынын өзгөчөлүктөрү жана өз өлкөлөрүндө маалымат таратуу учурунда кыйынчылыктар жөнүндө да пикир алмаша алышат.

«Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын тынч чөйрөнү түзүү аракеттерин колдоого кубанычтабыз. Учурдагы пандемия эркин маалымат каражаттарынын, маалыматка чексиз жеткиликтүүлүктүн жана жарандардын укуктарынын маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү»,- деди USAID Борбордук Азиядагы аймактык миссиясынын мүдүрү Кристофер Эдвардс.

Белгилей кетсек, фестиваль алкагында аяк оонанын 15-16-күндөрү YouTube журналистикасы, Журналисттер өз брендин кантип өркүндөтүшү керек, Эмоционалдык чарчоону алдын алуу, Илимий жетишкендиктерди кызыктуу түрдө сунуштоо сыяктуу мастер-класстар өтөт. Мындан тышкары, Artdocfest онлайн даректүү тасмалар фестивалынын алкагында белгилүү орусиялык режиссёр жана продюсер Виталий Манский өткөргөн көз карандысыз кинофестивалды көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Аталган айдын 17-күнү Казакстан менен Тажикстанда журналистиканын этикасы боюнча казак жана тажик тилдеринде эки ток-шоу өтөт. Фестиваль аяк оонанын 19-күнү MediaCAMP журналисттер сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи менен аяктайт.

 

Фото: internews.kg