COVID-19: Борбордук Азия аймагындагы абал

COVID-19: Борбордук Азия аймагындагы абал

Азия Өнүктүрүү Банкы жана ЮНИСЕФ Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 илдетин аныктоого арналган тест реагенттери жана бир катар коргонуу каражаттарын берди. Алардын ичинде 71,1 миң медициналык кийимдер жана 8 миң бахила бар.

Аталган өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруу учурлары өсүп келе жатканын айта кетүү керек. Өткөн сутка ичинде эле 230 адамдан кооптуу илдет аныкталды. Бүгүнкү күндө өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, инфекция аныкталган учурлар 45 миңден ашты.  42 минден ашыгы толугу менен айыгып чыккан. Тилекке каршы, 368 бейтап оорунун кесепетинен көз жумган. Жалпысынан өлкө боюнча 2,5 миң өзбекстандык кооптуу илдеттен дарыланып жатат.

Кыргызстандагы бардык категориядагы дарыгерлер коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна толугу менен даяр. Өлкөнүн премьер-министри Кубатбек Бороновдун айтымында, бирдин айынын башынан бери жугуштуу оорулар боюнча инфекционисттер, вирусологдор жана лаборанттар менен катар башка категориядагы медицина адистери кайра даярдоодон  өтүп жатышат. Өлкө аймагында массалык жаңы ооруканалар курулууда. Бүгүнкү күндө эпидемия башталгандан бери өлкөдө 44 миң 684 адам вирусту жуктуруп алган. Мындай маалыматты өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнур Акматова билдирди. Анын айтымында, бейтаптардын көпчүлүгү Баткен облусунда катталып жатат. Өткөн сутка ичинде 151 адам айыгып чыкты. Жалпысынан 40 миң 487 бейтап коронавирусту жеңип, толугу менен айыкты. 1063 бейтаптын оорусу өтүшүп, анын кесепетинен көз жумду.

Ал эми Тажикстанда акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекциянын 39 учуру катталды. Жалпысынан чын куран айынын отузунан аяк оона айынын онуна чейин 8899 бейтап катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алардын 7,5 миңи кооптуу илдеттен айыгып, 71 бейтап көз жумган.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган жок деп билдирет. Расмий маалыматтар боюнча, дүйнөдө эпидемия өрчүгөндөн бери,  аталган мамлекетте  илдет жуктуруунун бир дагы учуру катталган эмес.

 

Фото: aa.com.tr