COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

Өзбекстан коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүүгө билек түрө киришти. Буга чейин ДССУнун жана анын Европадагы аймактык кеңсесинин жигердүү мүчөсү катары Өзбекстан уюмдун коронавируска каршы вакцинациялоо программасына кошулган. Белгилей кетсек, учурда 172 өлкө коронавирустук вакциналарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча «COVAX» эл аралык механизмине кошулган. Уюм вакцина өндүрүүчүлөрдүн бардыгы менен кызматташат. Бул механизм бардык мүчө өлкөлөрдө лицензияланган жана жактырылган вакциналарга бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга багытталган. Азыркы учурда Өзбекстанга COVID-19 каршы вакцинаны Кытай Эл Республикасы да  берүүгө даяр. Бирок коңшу өлкө келишимге кол коюуну ойлонууда. Кытайдан жана Орусия Федерациясынан келген медицина кызматкерлери жергиликтүү дарыгерлер менен катар ооруну жеңүүгө жардам беришүүдө. Өзбек дарыгерлери карантиндик чараларды жеңилдетсе, вирустун жайылышын күчөтүшү мүмкүн деп чочулашат. Белгилей кетсек, өлкөдө обочолонуу режими алынып салынгандан бери 10 күн өттү. Андыктан вакцинациялоо учурдагы каатчылыктан чыгуунун натыйжалуу жолдорунун бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиялык абал азырынча туруктуу.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 40 миң 600 ашуун адам ооруну жуктуруп алган.

Коңшу Кыргызстанда пандемия башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 43 миң 587 жетти. Тажикстанда болжол менен 8500 бейтап аныкталды. Мында бир суткада ооруну жуктуруп алгандардын саны 36 адамга көбөйгөн. Мындан тышкары, өлкөдө миңге жакын бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Түркмөнстанда коронавирустук инфекция жөнүндө расмий маалымат жок.

 

Фото: news.mail.ru