Борбордук Азия мамлекеттери Жапония менен өз ара аракетти күчөтөт

Борбордук Азия мамлекеттери Жапония менен өз ара аракетти күчөтөт

Коронавирус менен күрөшкө тийиштүү биргелешкен аракетти күчөтүү анын аймактардын экономикасына тийгизген кесепеттерин жоюу жана тышкы экономикалык кызматташууну жандандыруу. «Борбордук Азия +Жапония» диалогу деп аталган тышкы иштер министрлеринин кезексиз кеңешмесинде ушул маселелер талкууланды. Бул тууралуу РК Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Онлайн форматта өткөн жыйынга Казакстан ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди дагы катышты. Тараптар эпидемиологиялык жагдай, өз ара гуманитардык көмөктөшүү тууралуу аймактык өнөктөштүк, жарандарды чет өлкөлөрдөн алып келүү маселелери, ошондой эле, экономикалык жана ишкерлик жигердүүлүктү калыбына келтирүү келечеги жөнүндө сөз кылды.

Казакстан тарап Жапония Өкмөтүнө пандемияга каршы күрөштө ар тараптуу колдоо көрсөткөнү жана биздин өлкөнүн санитардык-эпидемиологиялык кызматтарына алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү жана вакцина менен жаңы медициналык каражаттарды иштеп чыгууга илимий-практикалык жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.  

Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы саясат мекеме башчылары ушул формат алкагында соода-экономикалык кызматташууну калыбына келтирүүгө багытталган практикалык иш-аракеттерди бириктирүү тууралуу чечим кабыл алышты. Борбор Азия чөлкөмүнүн экономикасын жаңылоо үчүн биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен Жапониянын экономикалык жана технологиялык дараметин колдонуу зарылдыгы дагы айтылды. Белгилей кетсек, кийинки жылы Токиодо өтө турган тышкы иштер министрлеринин 8-жолугушуусуна карата жапон бизнесинин катышуусу менен соода, инвестиция жана агроөнөржай тармагындагы кызматташуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу сунушталды. 

Эске салсак, «Борбордук Азия +Жапония» диалогу Күн Чыгыш өлкөсүнүн демилгеси боюнча түзүлгөн. Биринчи жолугушуу 2004-жылы Нур-Султанда өткөн. Ушул формат алкагында кызматташуунун негизги багыттары болуп саясий диалог, ички чөлкөмдүк кызматташуу, бизнести колдоо, интеллектуалдык диалог жана маданий байланыштарды чыңдоо каралган.